Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлкөбүздөгү жалпы көмүр тармагы боюнча туура эмес саясат жүрүүдө

Өлкөбүздөгү жалпы көмүр тармагы боюнча туура эмес саясат жүрүүдө

24-март, 19:42
1 375 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин бирикменин адистери февраль айынын акырында “Кыргызкөмүр” ишканасынын кеңсесине барып, алардын адистери менен биргелешкен талкуу жүргүздүк. Талкуунун негизинде бир топ сунуштар айтылган эле. “Кыргызкөмүр” ишканасынын колунда жалпы жыйырмадай лицензия бар экен. Мындайча айтканда, анын 11и көмүр казууга берилсе, 9у геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө берилиптир. Талкуунун жүрүшүндө “Кыргызкөмүр” ишканасынын жетекчилери, адистери төмөндөгүдөй чечилбеген маселелерге токтолуп кетти. 

Булар жыл сайын министрлер кабинети чыгарган токтомдун негизинде биздин экономикабыздын, тармактын, ошол ТЭЦтин, жалпы калктын кышка даярдыгы тууралуу иш-чара жүргүзүп келишет. Бул учурда дагы 2024-25-жылдарга карата жасала турган 265-токтомдун негизинде алар бир топ иш-чараларды жүргүзүшкөн. Көмүр казуу тармагы 2024-жылга жалпы план боюнча 975 миң тонна көмүр казуу планы жүктөлсө, бул жылдын жыйынтыгы менен 1 миллион 686 тонна көмүр казышкан. Мындайча айтканда, 700 миң тоннага жакын көмүр ашыгы менен алынган. Анын ичинде “Кара-Кечеден” 1 миллион 400 миң тонна, “Загара 2” көмүр кенинен 6600 тонна, ал эми “Ак-Улактан” 118 миң тонна көмүр казылып, жалпы 1 миллион 686 тонна казылып, план толугу менен аткарылган. Ал эми бул жумуштарды аткарууда министрлер кабинетинин, президенттин көмөгү, өздөрүнүн аракети менен алган техникаларынын саны учурда 140кка чейин жеткен. Бул жакшы көрсөткүч. Анын 23ү көмүр жүктөгөн экскаваторлор болсо, көмүр ташыган автоунаалардын саны 105. Андан сырткары, бульдозер, автопогрузчик деген техникалар алынып, алардын жардамы менен мыкты иш планы аткарылганын белгилейли. 

Ошол эле учурда “Кыргызкөмүр” ишканасы Бишкектин жылуулук борбору менен келишим түзүп, анын негизинде 440 миң тонна көмүр жеткирип бере турган болсо, 2025-жылдын 15-февралындагы жыйынтыгы менен 332 тонна көмүр алынган. Дагы алына турган 21 миң тонна көмүр Балыкчынын темир жол станциясынан жүктөөгө даяр болуп турат. 2025-жылдын 1-январынан 17-февралга чейин “Кара-Кече” көмүр кенинен эле 237 миң тонна көмүр казылып алынган. Анын көп бөлүгү мекемелерге, элге, Бишкек ТЭЦке пайдаланууга берилген. 

2025-жылга “Кыргызкөмүр” ишканасы жалпы 1 миллион 175 миң тонна көмүр казып алууга милдеттендирилген. Ошонун ичинен 1 миллион 150 тоннасы түндүк региону боюнча, калган 25 миң тонна түштүк регионундагы “Загара 2”, “Урмизан 3” деген мекемелерден алынат. Бүгүнкү күндө “Кара-Кече” көмүр кенинин жанына сортировка кыла турган комплексти түзүү, андан сырткары, Кызыл-Кыядагы көмүр кенинде этап менен ташууларды жүргүзүү каралган.

Вскрыша кыла турган маселелерди жүргүзүү жана жаңы техникаларды алуу иштери да улантылат. 

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен калган калдыктарды бөлүштүрүп иштетүү маселелери боюнча иш алып баруу пландары бар. Мен башында белгилегендей, 20 лицензия болсо, анын 11 лицензиясы көмүр казып алууга берилген. Кара-Кече көмүр кенинде жайгашкан борбордук, түндүк, түштүк деген участоктору Сүлүктү көмүр кени, Беш буркан, Урмизан, Загара, Кожокелең, Маркай, Торугарт деген көмүр кендерин казып алууга берилген. Чалгындоо иштерин жүргүзүүгө дагы тогуз лицензия берилген. Алар Урмизан 3, Тегене, Торугарт, Торугарт 1, Кара-Кабак, Балыкты, Желим ж.б лицензиялар. Бул лицензиялардын негизинде “Кыргызкөмүр” ишканасы кытайлык ж.б. компаниялар менен келишим түзгөн. 

Эми токтолуп кете турган маанилүү маселе, бүгүнкү күндө “Кыргызкөмүр” ишканасында 20 лицензия болсо, жалпы көмүр тармагы боюнча берилген лицензиялардын саны 370тей экен. Бул цифра улам алмашылып турат. Бирөөлөр кетет. Бирөөлөр жокко чыгарып, кайра толукталып турат. Ал лицензиянын 200гө жакыны көмүр казуу боюнча, калгандары чалгындоо иштерин жүргүзүүгө алынган. 

2024-жылдын жыйынтыгы менен жалпы Кыргызстан боюнча көмүр казуу 4,5 миллион тоннага чейин жетти. Анын 1 жарым миллион тоннасын “Кыргызкөмүр” ишканасы казып жатат. Калган 3 миллион тоннаны башка жеке менчик ишканалар казууда. Ошого байланыштуу “Кыргызкөмүр” алган лицензиялар жалпы алынган лицензиялардын 5%ын эле түзөт экен. Биз бул маселени көп жылдардан бери көтөрүп келе жатабыз. Сиздердин гезит аркылуу да учурунда маселе көтөрүлдү эле. Бүгүн дагы учурунда айтып кетүүгө муктаждык жаралууда. 

Кыргызстандын ичинде жалпы “Кыргызкөмүр” ишканасына кошумча мүмкүнчүлүктөрдү, укуктарды берүү шарт. Лицензия алып, көмүр тармагында иштеп жаткан компанияларга көзөмөл жүргүзүү зарыл. Алар кандай пландарды түзүп, кайсы пландын негизинде, канчасы майда көмүр, канчасы сорттолгон көмүр, калкка кандай таратса болот, коммуналдык ишканаларга, ТЭЦтерге кандай берилет (?) деп бирдиктүү саясат жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсө жакшы болмок. Ошол маселелер бүгүнкү күндүн талабы. Бул “Кыргызкөмүр” ишканасына тийешелүү орчундуу маселе. Ошондой эле маселе “Кыргызнефтегазда” да бар. Бул жердеги көйгөйлөр боюнча да пикирибизди жолдойбуз. Алтын, түстүү, сейрек кездешүүчү металлдарды жалпы иштетүүдө сөзсүз түрдө тийешелүү иш-чараларды жүргүзбөсөк, анда бул маселе дагы созулуп кете бериши мүмкүн. Биз бул маселени 2021-жылдын декабрь айында мурунку министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшкөндө да айттык эле. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келди. Эми көйгөй тезирээк чечилишине адис катары көмөгүбүздү тийгизип, салымыбызды кошсок дейбиз. 


Дүйшөнбек Камчыбеков, тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер