Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Шаардагы тыгын окуучулар менен студенттерге эле байланыштуу эмес”

Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Шаардагы тыгын окуучулар менен студенттерге эле байланыштуу эмес”

15-сентябрь, 21:45
381 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мирлан мырза, бүгүн бир топ кесиптештериңиз окуучулар менен студенттердин окуу графиги туура эмес өзгөртүлүп, ушуга байланыштуу көп кайрылуулар түшүп жатканын айтышты. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

-- Бул боюнча жаңы велосипед ойлоп табуунун кажети жок. Тыгынды студенттердин, окучулардын сабак графигин өзгөртүү менен азайтуу мүмкүн эмес. Азыр эч ким үйүндө жатпайт, баарынын жумушу бар. Өзгөчө борбор шаар Бишкекте. Түнкү саат он экиде да тыгын болуп атат, туурабы? Тыгын андан эмес. “Жаңы велосипедди ойлоп табуунун кажети жок” дегеним, окуучулардын буга чейинки окуу графиги туура эле болчу, ошол нерсе кайра калыбына келтирилүүгө тийиш. Сабак кечки саат сегизге чейин созулганы – бул туура эмес.

-- Анда тыгынды азайтуунун кандай айласы бар?

-Мен жана айтпадымбы, тыгын окуучулар менен студенттерге эле байланыштуу эмес. Аны чечүүнүн жолдорун, амалдарын башка жактан издөө керек. Көчөлөрдү кеңейтүү кажет. Туура, айрым көчөлөр кеңейтилип жатат. Башкаларын да кеңейтип, дагы башка маселелерди карап чыгуу зарыл. Балким, коомдук унааларды көбөйтүп, линияларды дагы башкачараак кеңейтүүнүн жолдорун ойлоп табыш керектир...   

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер