Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадр тандоо: идеялары жок, эски көз караштагы жетекчилер келүүдө

Кадр тандоо: идеялары жок, эски көз караштагы жетекчилер келүүдө

20-июнь, 10:22
1 033 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чет өлкөдө жашап, билим алып, бир нече чет тилдеринде эркин сүйлөгөн активист кызыбыз Женни Жеңиш кызы менен бир ирет маек курганыбызда, Кыргызстан эмнеге өнүгө албай жаткан себебин өкүнүү менен баса белгилеп айтканы бар: “Кытай элинин “баарынан бийик учкан чымчык атылууга дуушар болот” деген макалы бар. Биздин Кыргызстанда да ошондой. Демилге көтөрүшпөйт. Көтөргөндөрдү жактырышпайт. Биздин токой тыптынч жана жансыз. Чымчыктар учпаш керек. Демилге көтөргөн активисттерди алып түшөбүз. Андан көрө тынч жана мурдагыдай өнүкпөй, кедей жашай бергенибиз артык. Биздин коомдун ой жүгүртүүсү ушундай. Көтөрүлүп бир иш жасап жаткан жаштарды сындаганга убакыт тапкан ЖК өкүлдөрү да бар. Менин бир таанышым бар, өкмөттө иш алып барат. Ал айымга карата айтылган “сен өзүңдү аябай көрсөтөсүң, көп сүйлөйсүң” деген сындар сындырды. Ал сөздөрдөн кийин “мен эч нерсе кылбасам, тынч эле өз оокатымды кылып жүрө берсем, элдин нааразычылык кебин укпайт окшойм” деген ойго келиптир. Бул өкмөттө, коомдо эмес өзүбүздүн кичинекей чөйрөбүздө деле ошондой. Достор, туугандар болобу, же социалдык түйүндөрдө болобу, бир нерсени айтып чыксаң, тынбай постторду жазсаң, “бул эмне мынча кыйын болуп кетти?” деп жактыра беришпейт. Ошол нерселерге менин көңүлүм жарым болуп турат. Мурда экономика тармагында иш алып барсам, азыр билим берүү тармагында иш алып барып жүрөм. Учурда негизги ишим билим берүү, жаштардын өнүгүүсү боюнча. Жакшы пикирлери, ойлору бар, дүйнөтаанымы кенен, көп көйгөйлөрдү “кантип чечсек болот, кандай ойдосуз?” деп ой бөлүшкөн жаштар арбын. Болгону биз аларды көралбай, көтөрмөлөй албай жатабыз.

Америкада болобу, башка чет өлкөлөрдөбү, алар “лидерлик” деп коюшат, активдүү адамды колдошот. Бизде өз арабаңды кылдыратып жүрө беришиң керек. Чоңураак иш баштап, эл алдына чыга баштасаң эле түрдүү сөздөрдү айтып баштагандары абдан кайгылуу жана өкүнүчтүү 

“Биздин менталитет ушундайбы?” деген ойго келесиң. Казак-кыргыз бир тууган эки эл, сыртыбыздан окшошуп кетебиз. Мен Казакстанда бир жылдан ашык иштеп келдим. Ал жактагы чөйрөмдө эч кандай бут тосуулар, сындагандар болгон жок. Тескерисинче, жакшы тосуп алышты. Иштей турган топторду түзүшүп, “тигини-муну жасай калалы” деп колдоп турушту. “Сен активдүүсүң, сенден да башка активдүү адамдар болушу керек” деген пикирлери кубандырды. Мен ушундай активдүүлүгүмдү башка жерге колдонсом, ушундай жакшы жыйынтык чыкты. А бизде мамлекет эмес жалпы коомчулук “эмнеге өзүңдү пиар кыласың?” деп сын айтышат” деген эле.

“Элим үчүн ак кызматымды өтөп берейин” деген, адилеттикти, чындыкты биринчи орунга койгон кыргыздын мекенчил уул-кыздары дайым сүрүлүп сыртта калат. Кадр тандоодо дайыма өз оюн айта билбеген, идеялары жок, эскичил жетекчисинин сөзүнөн чыга албай турган мажүрөөлөрдү тандашат. 

Кыргызстанда бул система сынбады. “Мекен үчүн иштеп берсем” деген аруу тилектеги жаштардын шагы сынды. Көңүлдөрү кайт болду. Мындай жүрүш менен кете берсек, өлкөбүздүн, Кыргызстаныбыздын гүлдөп өнүккөнүн биздин замандаштар, биздин муун көрбөй кетет окшойбуз (!) деген ойлор көңүл чөктүрөт. 

Кайрадан Акүйдө өкмөт башчысын шайлоо өттү... Баягы жол, баягы система, баягы кошоматчылык, хамелеондук, фантомастай жүз алмаштыруу. 31-өкмөт башчыбыз ишке киришүүдө...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер