Акыркы кабарлар
» Коом » Коронавирустан үч киши каза болуп, 46 адамдан жаңы аныкталды
Коронавирустан үч киши каза болуп, 46 адамдан жаңы аныкталды
14-февраль, 11:57


Соңку бир суткада (14-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 46 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 31 киши.
Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2930 адам каза болуп, 192 миңден көп киши сакайып чыкты.
3-февралда коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан.










