Сегизбаевди билбей жактап алышкан чүйлүктөр Исаевге оой баштадыбы?

Алгач Абдил Сегизбаев катуу чыгып, Садыр Жапаровду сындап атканда шаардыктар, чүйлүктөр байкоого алып калышкан. Айрым катмар бурула да баштаган...
Кызыгы, 26-декабрда Сегизбаевдин Теңир-Тоого барганына күбө болдук. “Нарындыктар туугандарым болот, түбүм Жумгалдан” дегени кандай? Ошол жактан ооп келгенин түшүндүргүсү келгенби? Чүйлүк аттуу-баштууларга бул сөз желдей тарап, көпчүлүгү этектерин кага туруп кетишкени айтылды.
Учурда Канатбек Исаев башкы талапкер Садыр Жапаровду катыра сындап, көзгө сайгандай курч сөздөрдү айтууда. Саясат сымап сымал ойноп турат эмеспи. Бул шартта Сегизбаевге симпатия кылып атышкандар толук түрдө Исаевге ооп баратышат. “Канатбек накта чүйлүк, хан чыккан тукумдан болот” дешип, басымдуу катмар колдоого алышууда. Мына сага!