Акыркы кабарлар
» Саясат » Атамбаев сакталып калабы? Электораты тынчсызданууда...
Атамбаев сакталып калабы? Электораты тынчсызданууда...
28-апрель, 19:08

Абактагы Алмазбек Атамбаевдин кан басымы туруктуу болбой атканы, ден соолугуна коркунучтар жаралганы байма-бай кабарланууда. Соңку убактагы Кой-Таш окуясы боюнча дайындалган сот процесстери да жылып атат. Карантин убактысында ушундай көрүнүш керек беле? Ансыз да Атамбаевдин ден соолугуна кабатыр болгон калың электораты нааразы болушуп, тынчсызданып жатышканын уктук. Өзгөчө абал бүтсө, Кой-Таш окуясы боюнча сот процесси көркүнө чыгып, саясый тирешүүнүн жогорку үлгүсүн жаратышары каңкууланды. Эң башкысы, Атамбаев сакталып калышы керек, кокус абактан ары карап кетсе, ошондо кылымдын чатагы башталарын бөркүңөрдөй көрө бергиле...
Aryba.kg