Коронавирустан өлгөндөр үчүн 600 мүрзө казылган

Украинанын Днепр шаарында COVID-19 пандемиясынан өлгөн адамдарды көмүүгө даярдалып, атайын 600 мүрзө казылды.
Мындан тышкары, шаар бийлиги 2 миңден ашуун калың полиэтилен баштыктарына буюртма берген. Бул тууралуу украиналык басылмалар жазып чыгышты.
«Днепр аймагында коронавирустан каза болгондорго алдын ала даярдык иретинде 600дөн ашык көрүстөн даярдалды. Мүрзөлөр трактордун жардамы менен казылды. Мындай чечим шаар бийлиги тарабынан кабыл алынган», - деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдарда технологиялык жана экологиялык коопсуздук боюнча шаардык комиссия коронавирустан каза болгон маркум болсо, анын табытын ачууга тыюу салууну пландаштырууда. “Ооба, бул сан чынында коркунучтуу экенин түшүнүп жатам. Биз кырдаалдын мындан ары кандай өнүгөрүн билбегендиктен, ушундай чечим кабыл алдык", - деп билдирген шаар мэринин орун басары Михаил Лысенко.