Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Быйыл бюджетке 14 млрд. сом чогулбай калды

Быйыл бюджетке 14 млрд. сом чогулбай калды

23-июль, 13:40
464 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2020-жылдын башынан бери Кыргызстандын республикалык бюджетине 14 млрд. сом бажы жана салык төлөмдөрү чогултулбай калды. Бул тууралуу 22-июлдагы брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ал буга негизги себеп катары башка өлкөлөрдүн чек арасынын жабылышынан улам жүк ташуучу автоунаалардын каттамынын кыскарышын жана жаздагы өзгөчө абал режимине байланыштуу бизнестин чектөөгө кабылышын белгиледи. Өкмөт өкүлү бюджеттеги боштукту толтуруу үчүн кошумча резервдерди табуу боюнча атайын план иштелип чыкканын кошумчалады.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 30,8 млрд. сом түшпөй калары алдын ала кабарланган. Өкмөт анын ордун эл аралык донорлордон алынуучу каражат менен толтурууну көздөп жатат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер