Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрнест Карыбеков: “Ар бир заманга ылайык өзүнүн Конституциясы болсун”

Эрнест Карыбеков: “Ар бир заманга ылайык өзүнүн Конституциясы болсун”

04-декабрь, 15:10
1 335 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эрнест мырза, коомчулукта жаңы Конституциянын оош-кыйышын кеп кылып, 1993-жылкы Конституциянын артыкчылыгын баса белгилегендер пайда болду. 1993-жылкы Конституцияга кайтып келсек эле баары ойдогудай болуп, чийеленишкен маселелер чечилип калат дегенге ынансак болобу?

-- 1993-жылкы Конституция жакшы Конституция болчу. Анда жер жеке менчикке өткөн эмес. Азыр ошол Конституцияга багыт ала турган болсок, менчикке өткөн жерлер боюнча чоң келишпестик чыгат. Ошондой эле ал мезгилде эл өкүлдөрү райондон шайланып келчү. Көп добуш алуу үчүн депутаттыкка талапкерлер өз районунан максималдуу добуш алууга аракет кылып, добуштарды сатып алуунун жолдорун табышчу. Тагыраагы, жол салып берип, трансформатор коюп берип, мал союп, белек-бечкектерди беришчү. Өкүнүчтүүсү, мындай адат жыл өткөн сайын жайылып отуруп, кадимки көрүнүшкө айланып калды. Добуш сатып алуунун айынан парламентке сапатсыз, коммерсант депутаттар келе баштады. Деңгээли төмөн депутаттар президенттин айтканын аткара беришип, жыйынтыгында Конституцияны 1994-1996-1998-2003-жылдары төрт жолу өзгөртүп берип, президенттин укугун күчөтүп беришти. Ошон үчүн 1993-жылкы Конституция азыркы заманга дал келбейт. Ал Конституцияга кайтып барсак эле баары ойдогудай болуп орду-ордуна келип калбайт. Ар бир заманга ылайык өзүнүн Конституциясы, жашоо эрежеси керек. Тагыраагы, эски Конституция менен мураска жете албайбыз. Эскини эңсегенден көрө азыр талкууга түшүп жаткан Конституцияны кабыл алууга аракет кылалы. Жаңы Конституцияда президент, эсептөө палатасы, Жогорку Кеңеш, Жогорку сот, башкы прокуратура баш болуп, элге элдик курултайда жылына бир жолу отчёт бере турган болот. Эл бийликтин ээси экенин сезет. Мамлекеттик башкарууга калктын жигердүү бөлүгү катышып, элдик башкаруу орнойт.

-- Бирок, коомчулукта “курултайга жамынып алып, таптакыр пайдасынан зыяны көп Конституцияны кабыл алганы жатышат. Курултайга бийликти мактаган “дүжүр делегаттарды” чогултат” деген кооптонуу да күч болуп жатат го?

-- Андай болбойт. Мүмкүн Садыр Жапаровдун тегерегиндегилер башында ошондой кылалы деп ойлошу мүмкүн. Бирок, ал ага жол бербейт деп ойлойм. Себеби, Садыр Жапаровдун ою – элдик башкаруу. Ошон үчүн талкууга алынган Конституциядан чочулабай деле койсок болот. Конституциялык кеңешме өз ишин ачык жүргүзүп жатат. Сунуштар көп. Ар бир сунуш көз жаздымда калбай талкууланууда. Менин оюмча, базалык, фундаменталдык өзгөрүүлөр төмөнкүдөй болушу керек. Биринчиси, премьер-министр кызматын аппараты менен толук жоюп, өлкөдөгү жоопкерчиликтин баарын жалпы эл шайлаган президентке жүктөп, жеке жоопкерчилигин жогорулатыш керек. Экинчиси, Жогорку Кеңештин курамын 45 адам менен чектеп, саясый оюндардын уюгуна айлантпай, парламент жалаң мыйзам жаза турган жана мыйзам кабыл ала турган гана кылып милдеттендиришибиз шарт. Антпесек, азыркы депутаттар өздөрүнө, партияларына гана ылайык мыйзамдарды жазып, элдин өкүлү эмес, партиянын гана өкүлүнө айланып, элдин кызыкчылыгын эстен чыгарып, интригадан баштары чыкпай калды. Ошон үчүн коррупциялык схемалар тыйылбай эле тымызын мыйзамдаштырылып иштеп жатат. Демек, депутаттарды мыйзам чыгара турган гана укукка ээ кылышыбыз керек. Ошондо алар саясатка киришпейт. Депутаттарды азыркыдай теледен жана интернеттен көрбөй калабыз. Мунун жакшы жери – парламентке ар ким эле барайын дебей, акылына жараша иш кылып калат. Үчүнчүсү, кол тийбестик дегенди өлкө боюнча толук жоюшубуз керек. Төртүнчүсү, бир дагы ишкер, бай адамды бийликке жакын жолотпогон талапты мыйзам менен бекитип, люстрация мыйзамын кабыл алышыбыз абзел. Бешинчиси, Жогорку Кеңешке өзгөчө квалификациядан өткөрүп, кесипкөйлөрдү гана шайлай турган абалга жетишибиз керек. Алтынчысы, президент, Жогорку сот, Жогорку Кеңеш, эсептөө палатасы, башкы прокурор жылына бир жолу элге, эл шайлаган эдик курултайга отчёт берип, "канааттандырылсын" же "канааттандырылбасын" деген баа алуусун элдик Башмыйзам менен бекитишибиз шарт. Жетинчиси, эл өлкө башкарууга жигердүү катышканга жол ачып бермейинче, мамлекетибиздин абалын эч ким оңдой албаганын баса белгилеп, элдик курултайды күчүнө киргизишибиз абзел. Тагыраагы, ар бир миң-эки миң шайлоочулар тарабынан бир өкүл шайланып, курултайга делегат болуп катышуу укугуна ээ болушу керек. Ал өкүлдөр туруктуу айлык албайт. Бирок, жооптуу кызматтагыларга курултайда ыңгайсыз суроолорду берип, ишин тескейт. Эгер жетекчи "канааттандырылбасын" деген баа алса, кызматынан кетет. 200-300 адамдан турган делегаттар "Эл казынасын" шайлап бекитет. Президент (аткаруу бийлик) ошол тизмеден гана жетекчилерди, орун басарларын дайындай алат. Ар бир аймактан Жогорку Кеңешке шайлоодо эң көп добуш алган беш адамдан турган тизмеден 45 депутатты шайлап бекитет жана кайра чакырып алууга укуктуу болот. Ошондой эле борбордук шайлоо комиссиянын мүчөлөрүн да тандап бекитет. Ал элдик курултайга гана баш ийет. Президент өлкө абалына жеке өзү толук жоопкер болот. Ал жалпы элдик жашыруун шайлоо аркылуу шайланат. Президенттикке талапкер адам 35 жаштан жаш эмес, 70 жаштан кары эмес, Кыргызстанда туруктуу 15 жылдан кем эмес жашаган, элдик курултайдын 50 пайыз добушун алган адам гана президент боло алат. Жылына элдик курултайга жооп берип, өз ишине баа алып турат. Президент вице-президент менен бирге өлкөнүн экономикалык-финансылык-социалдык абалына жооп берет. Президенттин сунушу, элдик курултайдын макулдугу менен дайындалат жана кызматынан бошотулат. Мамлекеттик катчы президент менен бирге улуттук жана мамлекеттик идеология менен тышкы саясатка жооптуу болот. Президенттин сунушу жана элдик курултайдын макулдугу менен дайындалат жана кызматынан бошотулат. Соттор эл тарабынан шайланат. Кылмыш кодекси түп-тамыры менен өзгөртүлүп, жаңыланат жана көп учурда өтө оор кылмыштардан башкасы айып пул төлөп берүүгө негизделет. Аксакалдар сотунун укук-милдеттери кыйла кеңейтилет, административдик жана жарандык иштердин көпчүлүгү аларга өткөрүлүп берилет. Конституциялык сот толук жоюлат. Облус, райондор жоюлуп, ирилештирилген аймактар түзүлүп, министрликтердин саны кыскартылып, айыл өкмөттөр ирилештирилип, алардын укук-милдеттери кеңейтилип, мамлекеттик кызматкерлердин жалпы саны 40%га кыскартылышы керек. Ошондой эле бийлик төрт тепкичтүү башкаруудан эки тепкичтүү, жөнөкөй, элге түшүнүктүү башкарууга өтүшү керек. 

Мына ушундай максатта жазылган Конституция элибиздин жашоосунун оңолушуна шарт түзөт жана мамлекетти саздан чыгарууга жол ачат. Ошон үчүн эски Конституцияны кеп кылып, кылчактабай эле койгонубуз оң. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер