Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бекболот Талгарбеков өзүн эмес, өлкөсүн ойлогон, кыргыз элине жүрөгүн арнаган инсан”

“Бекболот Талгарбеков өзүн эмес, өлкөсүн ойлогон, кыргыз элине жүрөгүн арнаган инсан”

03-март, 00:16
1 737 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү мамлекеттик ишмер, мурдагы вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков агабыз 65 жашта. Анын басып өткөн жолу, ашкан дабандары, элге сиңген эмгеги тууралуу айтып, элге таанымал инсандарыбыз куттуктоолорун жолдошту.

Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, академик, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы: “Талгарбеков – элибиздин чыныгы баатыры”

-- Эгемендиктин алгачкы он жылынын, дааналап айтканда, 1990-жылдардын башкы каармандарынын бири Бекболот Талгарбеков болгону шексиз. Анда экөөбүз тең илимдер академиясында иштечүбүз: мен тил жана адабият институтунун директору, ал экономика институтунун илимий кызматкери эле. Бизди жакындаткан себеп – элибиздин демократияга өтүшүнө кызыкдарлык, өз алдынчалыкка жетишине багытталган ой-санаабыз эле. Эгемендик келип, Талгарбеков 1991-2005-жылдары А.Акаевдин командасында ар кандай кызматтарда иштеди: министрдин милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр, Жалал-Абад облусунун губернатору, акырында премьер-министрдин аппарат жетекчиси. 2005-жылдан кийин мамлекеттик кызматта иштеген жок. К.Бакиевдин бийлигине да, А.Атамбаевдин режимине да каршы ойдо болуп, анысын ачык жарыялап жүрдү. 2016-жылы “Элдик парламент” деген коомдук-саясый кыймыл уюштуруп, айрым санаалаштары менен бирге “бийликти күч менен басып алууга далалаты үчүн” деген жалган айып тагылып, 14 жылга камалып чыкты. Эгер ал катардагы аткаминер, мансапкор, кош көңүл болсо, өз турмушун өткөрүп, өмүрлүк жарынын, үч баласынын кашында жүрө бермек. Жок, ага эрки чыдабады, өзүнө жакпаган бийликке саясый жол менен каршы чыкты. Камалса да эрки сынбады, майтарылган жок, акыйкат сөзүнөн тайбады. Мен Талгарбеков сотто толук акталышы керек (!) деп эсептейм жана тилейм.

Талгарбеков жер жана агрардык реформасынын терең жана ар тараптуу илимий изилдөөгө, дүйнөлүк бай тажрыйбага жана кыргыз кыртышына негизделген ийгиликтүү моделин ишке ашырган. Ал айыл чарба реформасын Сталиндей кескин, зордук-зомбулук, буйрук жол эмес, акырындап, тажрыйба топтоп, ыктыярдуу, түшүндүрүү жолу аркылуу жүргүзүүнү туура көрүп, экономикалык жана укуктук негизде ишке ашырган. Мен да кезегинде Оштун губернатору болуп турганымда анын реформасын колдогом. Мезгил менен турмуш анын реформасынын тууралыгын далилдеп келүүдө, дагы далилдейт. Бекболот Талгарбеков өзүн эмес, өлкөсүн ойлогон, кыргыз элин, мамлекетин чындап сүйгөн инсан, алар үчүн өмүрүн, башын сайган, элдин, мамлекеттин байлыгына эч көз артпаган, кол салбаган накта атуул, баатыр.

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ, мамлекеттик ишмер: “Деңгээли бийик инсан, ой-чабыты кенен реформатор”

-- Бекболот Талгарбеков мурунку биздин убактагы жана азыркы кадрлардын ичинен өтө билимдүү, ой-чабыты кенен, деңгээли бийик мамлекеттик ишмер. Өткөөл мезгилдин маселелерин терең түшүнгөн, мамлекетти куруу жана бекемдөөнүн проблемаларын, аларды чечүү жолдорун мыкты билген аналитик. Биздин мамлекеттин алдында турган татаал көйгөйлөрдү факт жүзүндө далилдеп, өлкөнүн өнүгүшүнүн өңүттөрү, багыттары сыяктуу чиеленишкен маселелерди кылдат анализдеп, жазып да, айтып да келет. Мисалы, “Искра” гезитиндеги ошол кездеги бийликтин туура эмес саясатын абдан жеткиликтүү тил менен ачып берген макаласын мен алигиче сактап жүрөм. Талгарбеков энергетика боюнча адис болбосо да экономист катары энергетика, инфраструктура тармагындагы 2012-2016-жылдардагы айрым долбоорлордун туура эмес болгондугун эскерткен эле. Убагында кол чаап колдогон көпчүлүк азыр ал айткандан бир нече жылдан кийин Талгарбековдун айткандары чын экендигине көзү жетип отурат. Демек, ал өлкөнүн өнүгүү жолун даана көрүп-билген акылы жетик ишмер.

Талгарбековдун кашкөйлүк сапаты, эрдиги бар. Мурунку президент Атамбаев күч-кубаттуу кезинде, бийликте турганында анын тескери иштери тууралуу тартынбай бетине айтты, жазды, бийликти түз жолго үндөдү. Калыс пикири, чын сөзү, акыйкат позициясы үчүн камалды. Талгарбековдун аргументтүү сынынан корккон мурунку бийлик аны жалган жалаа менен түрмөгө отургузду, бирок эркин сындыра албады. Мына эми азыркы бийлик анын “ишине” адилет мамиле кылууга ниетин билдирип, аракеттенип жатат. 

Талгарбеков жүргүзгөн айыл чарба реформасынын тууралыгын мезгил улам барган сайын бекем далилдеп жатат. Аскар Акаевдин убагында эң татаал, тагдыр чечүүчү реформанын автору да, идеологу да, аткаруучусу да Талгарбеков. Дыйкандар, фермерлер жерге, малга ээлик кылып, өз алдынчалыкка жетишти, үзүрүн жалпы эл көрүп жатат. Кыскасы, ошол кезде жаштыгына карабай, көрөгөчтүк кылып, тоскоолдуктарга моюн бербестен, ара жолго таштабастан айыл чарба реформасынын биринчи жана эң негизги этабын ийгиликтүү жүзөгө ашырган мамлекеттик ишмер катары жогору баалайм. Ага бекем ден соолук, аманчылык, ийгиликтерди каалайм. 

Камчыбек ТАШИЕВ, “Ата Журт» партиясынын лидери: “Менин улуу устатым – Бекболот Талгарбеков!”

-- Ар бир адам өзүнүн өмүр жолунда, турмушунда, кесибинде, саясатта бир нече устатты тааныйт, билет. Менин турмуштагы, саясат жолундагы улуу устатым – Бекболот Талгарбеков. Ал кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал инсан, мыкты адам, чыныгы реформатор, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер.

Тээ 1997-жылы, мен Россиядан жогорку окуу жайын бүтүрүп келип, жаңыдан элге аралаша баштаган элем. Ал кезде Талгарбеков Жалал-Абад облусунун губернатору экен. Ушул жалган жашоодо өмүр жолума адамгерчилиги бийик ушундай залкар инсанга жолуктурган Кудайыма ыраазымын! Мына ошол убактан бери мага турмуштук сабагын берип, ишимди туура жолго багыттап келе жатат. Менин жашоомдогу ийгилигиме, саясаттагы жетишкендиктериме Бекболот агамдын көрөгөчтүгү, чыдамкайлыгы, терең акылы жана адилет сыны себепчи болгон. Ал эми бул кишинин билимин жана тажрыйбасын, күч-кубатын дагы да колдонобуз, буюрса. Биздин бийик максаттар айкын, изги ниеттерибиз бекем, аларды аткарууга убакыт бар, а устатымдын күч-кубаты жетиштүү... 

Урматтуу Бекболот Талгарбекович! 65 жаш курагыңыз куттуу болсун! Эл-журтум, мамлекетим деген асыл ой-максаттарыңыз, аруу тилектериңиз ишке ашып, көп жашаңыз!

Бакыт ОРУНБЕКОВ, саясый илимдердин кандидаты: “Талгарбеков жөнүндө айта турган жакшы кеп али алдыда”

-- Бекболот Талгарбеков деген ысымды 1980-жылдардын экинчи жарымы, СССРде “кайра куруу” саясаты башталгандан бери билем. Ал учурдагы элдин сүймөнчүгүнө айланган “Кыргызстан маданияты” жана “Ленинчил жаш” гезиттерине Бекболот мырзанын аналитикалык макалалары байма-бай жарык көрө баштады. Эл анын жазгандарын колдон-колго өткөрүп окуп жатканына күбөмүн. Анын макалаларынын лейтмотивин Кыргызстандын экономикалык потенциалын, өзгөчө айыл чарбасынын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу, өз алдынча чечим кабыл алуу зарылчылыгы, Кремлдин көзүн караган саясаттан кутулуунун жолдору, улуттук кадрларды өстүрүү, эркиндиктин экономикалык негиздерин бекемдөө сыяктуу маселелер түзгөн. Ар бир проблема ар тараптуу талдоого алынган, чечилиши сунушталган.

Талгарбековдун Кыргызстан азаттыгын алгандан кийин мамлекеттик жооптуу кызматтарга келишине ошол омоктуу ойлорду айткан публицистикасы негизги ролду ойногон да. Ал баштаган айыл чарба реформасы убагында көп түшүнбөстүктөргө тушукканы менен анын туура болгонунун үзүрүн эл бүгүн сезип отурат. Реформанын өксүгү Талгарбековдо эмес, аны улантып кете албаган кийинки бийликтегилердин аракетинин жетишсиздигинде болду. Бүгүн айыл чарбасы менен алектенген дыйкандар менен фермерлердин көбү ирденип, эл тоюнуп, оокатын тыңдап, эл аралык стандартка ылайык азык өндүрүп, соода кылууга жарап калдык. Бул тээ илгери Талгарбеков баштаган, жүргүзгөн реформанын тууралыгын айтып турат.

Талгарбеков кандай саясый кырдаал болбосун оюн жалтанбай айткан саясатчы. Ошол ачыктыгынын азабын Атамбаевдин заманында көрдү. Сынган жок, тескерисинче, чыйралды, эли үчүн акыйкат кебин, омоктуу ойлорун айтып келатат.

Кыргыз чиновниктери, саясатчыларынын дээрлик көбү өз оюн кагазга түшүрүп жаза алышпайт. Алардын ойлорун жазууга шыктуулар, адистер шөкөттөшөт. Талгарбековдун башкалардан чоң артыкчылыгы – окурманды ойго салып, жаза билгендигинде, аналитикалык жөндөмүндө, эне тилин мыкты өздөштүргөн публицисттик зор чеберчилигинде деп билем.

Биздин Бекболот Талгарбековдун толук портретин тарта турган кебибиз алдыда...

Бейшенбек БОЛОТБЕКОВ, экс-губернатор: “Кыргыздын Столыпини катары сыйлайм”

-- Бекболот Талгарбеков жөнүндө жакшы пикир айтсак ага жарашат. Анын ысымы өлкөбүздүн эгемендик алган жылдардагы айыл чарбасынын тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Россияда 1906-жылдары Столыпиндин айыл чарбадагы реформасы бар болсо, бизде Талгарбеков дотацияда турган айыл чарбасына батыл реформа жасап, талкаланып бараткан айыл чарбасын элдин пайдаланышына жол ачып берген. 

Жеке сапатында ар бир иштин өтөсүнө чыккан өжөрлүгү бар. Дагы бир баса белгилөөчү жагдай, ал эч качан досторун сатпаган, жолдошчулукка бекем, туруктуу сапаттары менен көптөргө үлгү боло ала турган касиеттерге ээ. Мамлекеттик кызматтын баардык тепкичтерин этап-этабы менен басып өттү. Коомдук саясый абалга туура анализ берген, жалаң фактыларга таянган аналитикалык көз караштагы макалаларды жаза билген чыгармачылыгы да бар. Айыл чарбасында реформа кылгандан тышкары кыргыз саясатында өз орду бар. 

Жамгырбек БӨКӨШОВ, философия илимдеринин доктору, профессор: “Суу жүрөк саясатчы эмес”

-- Бекболотту принципиалдуу жана реформатор саясатчы катары билем. Ар кандай мамлекеттик бийик кызматтарды аркалады, коомдук ишмер, саясатчы катары өлкөнүн турмушуна такай жигердүү аралашып келет. Баардык жерде акыйкат позицияга таянып, карманган принцибинен жазбай, чындыкты көздөп келе жатканына эл күбө. Бет алган агрардык жер реформасында ал калыптанган шарт-жагдайга туткун болбой, “жаңылып калсам не болот?” деп кылчактабай, жаңы кадамдарды шилтеп, абалды радикалдуу өзгөртүүгө белсенген кашкөй мамлекеттик ишмер. Өз убагында, биздин өлкө кыйынчылыккан тушуккан кезде Талгарбеков баштаган, ишке ашырган айыл чарба реформасына доомат койгондор да жок эмес. Бирок, эч ким Бекболотту “шартка ыңгайлашкан, жалпы агымдан чыга албаган, суу жүрөк саясатчы” деп айта албас.

Нурланбек ШАКИЕВ, экс-министр: “Бекем көз карашы бар реформатор

-- Бекболот Талгарбеков деген ысым эгемендүү кыргыз мамлекетиндеги алгачкы агрардык реформа менен тыгыз байланыштуу. Дароо эле так кесе айтышыбыз керек, эгерде өлкөбүздөгү агрардык реформанын башында Талгарбеков турбаганда, бүгүнкүдөй жемиштүү жана натыйжалуу иштеген дыйкан, фермерлер болмок эмес. Албетте, айрымдарга Талгарбековдун реформасы жакпады, жеке өзүн жек көрүштү. Анткени алар ошондо да, балким азыр да реформанын өзөгүн түшүнүшпөйт же түшүнгүлөрү келбейт.

Улам мезгил өткөн сайын ошол кездеги агрардык реформа туура болгондугуна көпчүлүк көзү жетип, ынанып келет. Чындыктын критерийи – мезгил менен турмуш. Мезгил Талгарбековдун реформасынын тууралыгын далилдеди. Өкүнүчтүүсү, Бекболот мырза өзү баштаган реформасын аягына чыгара албай калды. Анткени ага көптөгөн бут тосуулар болду. Мүмкүнчүлүк беришпеди. Ошонун негизинде агрореформа толук аягына чейин ишке ашпай келүүдө. 

2005-жылкы март ыңкылабынан бир жыл өткөндөн кийин, мен ошол кезде президенттин басма сөз катчысы болуп иштеп турганда Талгарбековго кезигип, ошол кездеги бийлик менен иштешүүгө чакырдым. Бекболот мырза “сунушуңарга чоң рахмат. Менин тажрыйбамды баалап, кызматка чакырганыңарга ыраазымын. Аскар Акаевдин командасындагы жакын кишилеринин бири катары азырынча жаңы бийлик менен кызматташпай турганым оң болор” деп сыпаа баш тартты. Эми андан бери он беш жыл өттү. Эки жолу алмашкан бийлик айыл чарбасындагы оор абалды жөнгөрүү үчүн Талгарбековго кайрылганга чамасы жетпеди. Мен мурда эле Бекболот мырзаны принципиалдуу экенин билчүмүн. Ошондон кийин бекем көз караштагы адам катары сыйлап, мамиле кылып жүрөм.

Качкынбай КАДЫРКУЛОВ: “Постсоветтик өлкөлөрдүн биринде да Талгарбековдой айыл чарба реформатору чыкпады»

-- Менин бүт өмүрүм айыл чарбасына байланыштуу. Илимдин кандидатымын, азыр фермермин. Өткөн кылымдын 90-жылдары СССРдин абалы өтө начарлап, кыргыз эли ачарчылык алдында калган. Азык-түлүккө талон киргизилген. Айрым жерлерде айыл калкы картошка, улпак жем жеп калышкан. Буга окшогон апаатты экинчи дүйнөлүк согушта блокадада калган Ленинградда болгон деп укчубуз. Мындай каатчылыктын башкы себеби – коомдук менчикке негизделген чарба жүргүзүү болчу. «Жетөө кашык-табак менен, экөө орок-балка менен» өндүрүш ыкмасы туңгуюкка кептелген. Союз маалындагы Ала-Тоодогу беш жүздөн ашык колхоз-совхоздордогу ашкере ысырапкорчулук, жалган отчеттор акыры өз «жемишин» берген. Чак түштө эле чарбаларга бөлүнгөн солярка, жер семирткичтерди аңгектерге төгүп салуу, жердин аркы бетиндеги Канададан Караколго малга жем ташып келүү, баладан башкармага чейин коомдук чарбанын мүлкүн жапатырмак уурдоо сыяктуу көнүмүш алешемдер СССРдин түбүнө жетти. Балээ баспай, жоо чаппай эле ири держава кулады. 

Мен айыл чарба адиси катары бир-эки мисал келтирейин. СССР кезинде Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздоруна жылына союздан орточо 6,5 млрд. рубль дотация (кайтарылгыс акча жана каражат) берилип турчу. Ал эми 1992-жыл (эгемен Кыргызстан) көрсөткөндөй, республиканын бюджетинин кирешеси 2,1 млрд. рубль экен, б.а. союздун биздин колхоз-совхоздорго берип турчу дотациясы өзүбүздүн жалпы кирешебизден үч эсе көп болгон. Эми элестетели, эгер бизде агрардык реформа болбогондо, анда азыр өкмөтүбүз айыл чарбасына жылына 450 млрд. сом дотация берип туруш керек эле! (2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 148 млрд. сом). Учурда кыргыздын эркин дыйкандары бир сом дотация албайт эмеспи! Экинчи мисал. 90-жылдары бир баш койдун базар баасы орточо бир миң рубль, ал эми аны колхоз-совхоздордо бакканга кеткен чыгым төрт миң рубль болгон. 

Ошондой абалды түшүнгөн адам барбы? Болбой эле жер тепкилеп, айрымдардын «Талгарбеков колхоз-совхоздорду талкалаган» дегендерине таңкаласың. Эмне, колхоз-совхоз айнекпи, «талкалап» салгандай? Тескерисинче, Талгарбеков жүргүзгөн айыл чарба реформасы кыргыз элин ошондогу апааттан аман-эсен сууруп чыкты. Он-жүз миңдеген эркин дыйкандардын катмары пайда болуп, алар оор сынактан өтүшүп, өздөрүн, үй-бүлөсүн гана эмес, Ата мекенибизди сактап калышты. Ошол тарыхий өзгөрүүлөрдүн башында Бекболот Талгарбеков турду. Ал эл-журттун келечеги үчүн баарына кайыл болуп, башын байлап, жанын үрөп иштеп берди. Постсоветтик өлкөлөрдө Талгарбековдой бир да реформатор болбоду. 


P.S. Биздин редакциянын жамааты дагы Бекболот Талгарбеков агабызды куттуктап, чың ден соолук, аманчылык жана жашоодогу жарык күндөрдү каалайбыз!

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер