Акыркы кабарлар
» Саясат » Ахматбек Келдибеков “Азаттык” партиясына саясый кысым болуп атканын айтты
Ахматбек Келдибеков “Азаттык” партиясына саясый кысым болуп атканын айтты
11-ноябрь, 11:25
1 328 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Азаттык” партиясынын Аравандагы баннерин айрып кетишти. Талкуу жаратты. Ага чейин айрым талапкерлерине арыздар жазылып, каршылык көрсөтүүлөрдү байкап келгенбиз. Ахматбек Келдибековдун баамында, “Азаттыкка” бийликтеги айрым чиновниктер кысым кылып атканы, саясый күчтөрдүн таза эмес күрөшүүсү себеп болуп атыптыр. Ошого катар башкаларга салыштырмалуу түштүк аймагында “Азаттык” партиясына элдер көп келип атканын да айтып, көралбастык күчөп баратканын жашырган жок. Али шайлоонун аякташына эки аптадан ашык убакыт бар. Дагы далай кызыктарга күбө болобуз го?..
"Азия Ньюс" гезити