Чүйдүн башкы милициясы Сапарбек Асаналиев автобазардагы башаламандыкка кайдыгер


Демалыш күндөрү автобазардын айланасында ыраатсыздык жаралат. Өзгөчө Военно-Антоновка жагынан көчөнүн ортосуна чейин машиналарын чыгарып алышып, соода кылып атышканын көрөбүз. Тартипти көзөмөлдөөчү органдар уктап калышса, ушундай жапайычылык орун алат экен да. Натыйжада, чоң трассадан жүргүнчүлөр тыгынга кабылышып, бир сааттай убакытта араң чыгышат. Бул көрүнүш дайыма кайталанууда. Чүй ОИИБни башкарып отурган Сапарбек Асаналиев каякты карап жүрөт? Өзүнө тийешелүү аймакка жооп бериш керек да! Эмне үчүн жол көзөмөлдөө кызматкерлери иштебейт? Тартип жок. Же көмүскөдөн акча алып коюшуп, чөнтөктөрүн кампайтып жатышабы? Суроолор көп.
Баса, Чүй ОИИБде Канат Жумагазиев менен Самат Курманкуловдун жетекчи кездерин эстесек, мынчалык башаламандык болгон эмес.
"Азия Ньюс" гезити











