Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таланттуу жана таанымал инсандын татыктуу таржымалы

Таланттуу жана таанымал инсандын татыктуу таржымалы

08-март, 19:19
773 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Чыныгы саясатчылар көндүм философторго караганда адамдарды абдан жакшы түшүнүшөт, ошондуктан алар даанарак философтордон болуп калышат деп айткым келет” 

(Люк де Вавенарг, белгилүү француз жазуучусу)


Өлкөбүздүн улуттук интеллигенциясы, илимий чөйрөсү жана коомчулугу элибиздин энчилүү уулдарынын бири, көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук-саясый ишмер, ири илимпоз жана дипломат Жумагул Сааданбековдун 80 жылдык торколуу тоюн салтанаттуу белгилөөнүн ирегесинде турат. Албетте, узун элдин  учуна, кыска элдин кыйырына аттын кашкасындай таанымал болгон бул инсандын ушундай урмат-сыйга татыктуу экендиги эч кандай күмөн туудурбайт эмеспи. 

Ал 1940-жылдын 3-мартында касиеттүү Көл кылаасынын айтылуу Ак-Суу районундагы Шапак айлында, элеттик мугалимдин үйүндө дүйнөгө келген. Өзүнүн жергиликтүү башталгыч мектебин аяктагандан кийин коңшулаш Ак-Булуң жана Сары-Камыш айылдарындагы мектеп-интернаттарда окуп, жетилүү аттестатына ээ болгон соң, 1956-жылы ошол тушта республикабыздагы алдыңкы жогорку окуу жайлардын сабында турган Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун (бүгүнкү К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университет) физика-математика факультетине өтүп, аны 1960-жылы мыкты бүтүрүп чыгат. Ушул жерден атайылап белгилей кетчү бир жагдай, Жумагул Сааданбеков мектеп менен институтта билим алып жаткан чагында эле алардын баардык ички-тышкы коомдук иштерине (пионердик, комсомолдук, спорттук, маданий ж.б.) такай катышып, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келген. Мисалы, ал өз факультетинин баардык спорттук иш-чараларынын бирин да калтырбай, баскетболдук курама команданын капитаны болуп, мындан улам “Капитан” деген каймана атка да конуп калган. Муну мен Жумакебиз менен бир мезгилде бирге окугандыгыман улам абдан жакшы билем. 

Институтту бүтөрү менен Жети-Өгүз районуна жолдомо алып, жубайы Ажар экөө анын Киров жана Барскоондун (менин айылым) С.Орджоникидзе атындагы орто мектептеринде тогуз жыл бою балдарга татыктуу билим, тарбия беришип, өздөрүн мыкты педагог, кесипкөй адис катары көрсөтүштү. Мектептердин гана эмес, жалпы эле райондун көптөгөн коомдук иштерине жигердүү катышып, уюштуруучулук дараметин, ар кыл ишке тубаса жөндөмдүүлүгүн айкын-ачык далилдей алган Жумагулду райондук партиялык комитетке инструкторлук ишке алышат. Өзү үчүн жаңы болгон бул кызматта да ал камчы салдырбай үлгүлүү иштеп, ага партиялык-саясый айдыңда андан ары да өсүп кетүүгө кеңири жол ачылат. 

Бирок, болочокто олуттуу илимий изилдөөчүлүк иштер менен алектенүүнү самаган Жумакебиз 1969-1973-жылдары Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын философия институтунда кенже илимий кызматкери катары иштеп жүрүп, өз багыты боюнча илимдин кандидаты даражасын ийгиликтүү жактайт. Академияда эмгектенип жүргөн маалда ал өлкөнүн көп багыттуу коомдук-саясый иштерине дыкат катышып, чечилбеген көйгөйлүү маселелер боюнча мезгилдүү басма сөзгө курч маанайдагы публицистикалык макалаларды жазып, телерадиодон сүйлөп, коомчулуктун көзүнө көрүнө баштаган. Жаш илимпоздун мындай жандуу иш аракеттери жогорку органдардын көз жаздымында калбай, ал 1973-жылы партиянын Фрунзе шаардык комитетинин үгүт-насыят, андан соң уюштуруу бөлүмдөрүн жетектеп, кийинчерээк анын идеология боюнча катчылыгына чейинки жолду ырааттуулук менен басып өткөн. 

Жумагул Сааданбеков 1985-жылы Кыргызстан КП БКнын инспектору болуп бекип, беш жыл аралыгында үгүт-насыят, андан соң ал бөлүмгө илим, элге билим берүү, маданият жана билим берүү, маданият жана саламаттык сактоо тармактары бириктирилгенде, анын жалпы идеология бөлүмүнүн башчысы болуп жогорку жоопкерчилик менен иштеп турду. Ал 1985-1995-жылдары Кыргыз ССРинин, кийин эгемендүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки жолку чакырылышынын (“легендарлуусун” кошуу менен) депутаты болуп шайланып, анын илим, элге билим берүү, маданият жана спорт иштери боюнча комитетинин, кийин СССР союздук республикалар советинин төрагасы болуп жемиштүү иштеди. Парламенттин мүчөсү катары ал биздин жаш эгемен республикабыздын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого, анын эл аралык кадыр-баркын көтөрүүгө, экономикасы менен маданиятын өстүрүүгө, рыноктук жаңы саясатты ишке ашырууга багытталган тагдыр чечүүчү маанилүү мыйзамдардын кабыл алынышына олуттуу салым кошту. Ал 1993-1996-жылдарда КР президентинин алдындагы көзөмөлдөө инспекциясынын төрагасы, Ысык-Көл облусунун губернатору болуп ийгиликтүү жана натыйжалуу эмгектенип келди. 

Жумагул Сааданбековдун андан аркы эмгек жолу дипломатиялык ишмердик менен тыгыз байланышта жүрүп, ал адегенде өлкөбүздүн Украинадагы, андан соң  Казакстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп, Кыргызстан менен бул мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу өз ара дипломатиялык байланыштарды күчөтүүгө, саясый, экономикалык, маданий, гуманитардык алакаларды кеңири жайылтууга зор салым кошту. Өзүнүн дипломатиялык ишмердигин илимий-изилдөө багыты менен чебер айкалыштырып, 2000-жылы Киев шаарынан “Сумерки авторитаризма: Закат или рассвет”, 2003-жылы Астанадан “Авторитаризм и демократия на Востоке”, жана 2006-жылы “Нурсултан Назарбаев: Законы лидерства” аттуу академиялык маанидеги капиталдык ири монографияларын жарыкка чыгарды. Бир эле мезгилде боордош республиканын борборунан “саясат таануу илиминин доктору” деген даражасын чоң ийгилик менен жактап алууга жетишти. 

Өзүнүн чет өлкөлүк иш сапарынын мөөнөтү аяктагандан кийин ал 2010-2013-жылдары КР тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын ректорлук кызматын үзүрлүү аркалап, жаш кадрларды тарбиялап чыгуу айдыңында сезилерлик жетишкендиктерди жарата алды. 

Жумагул Сааданбековдун илимий ишмердиги ар тараптуу жана көп форматтуу. Ал 300дөн да арбын ар кыл темадагы орчун эмгектердин, алардын ичинде жогоруда аталып кеткен монографиялардан сырткары “О сельской интеллигенции” (г.Фрунзе, 1974) деген алгачкы илимий эмгеги менен “Моя жизнь. Менин өмүрүм” аттуу эки тилдеги, “Философия Чингиза Айтматова” (Бишкек, 2013), “Патриарх кыргызской медицины” (Бишкек, 2017), “Турдакун Усубалиев: лидер нации” (Бишкек, 2019) жана жаңыдан гана Казакстандын борбору Нур-Султандан үстүбүздөгү жылы жарык көргөн “Философия эпоса “Манас” деген резонанстуу жана өткөрө маанилүү монографиялардын автору болуп саналат. 

Ушул жерден өкүнүчтүү ички туюм менен атайылап белгилеп кетчү бир жагдай – эл аралык деңгээлдеги (ал эл аралык Сократ сыйлыгынын лауреаты) бул таанымал инсандын өз мекенинин алдында сиңирген ат көтөргүс эмгеги биздин тийиштүү бийлик турпаттарыбыздын көз жаздымында калып, эч кандай баага татыбай келатканы – табигый нааразычылык сезимди туудурбай койбойт. Болбосо, анын СССРдин Ардак белгиси ордени жана Казакстандын Ардак грамотасынан тышкары, өз мекенинин бир дагы колго аларлык сыйлыктары жок экендигин кантип түшүндүрсөк болот?!

Калкыбыздын кадырман уулдарынын бири, көрүнүктүү саясатчы, илимпоз  философ, дипломатиялык кызматтын генералы Жумагул Сааданбековичти 80 жылдык торколуу тою жана өмүрлүк жары Ажар экөөнүн баш кошкондугунун 60 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, анын мааракесине арналган өзүбүздүн баяндообузду бир аз минордук салыңкы маанайда аяктабай, ага чымыр ден соолук, бак-таалайлуу узун өмүр, бакубат, бардар турмуш жана чыгармачылык ишмердигиндеги күрдөөлдүү жаңы ийгиликтерди ак пейлибизден каалап кеткибиз келет! 


Тилектеш Ишемкулов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер