Аскер Сакыбаева: “Мелис Эшимкановдой кыргыз баласын көрө элекмин...”
Журналист Аскер Сакыбаева Мелис Эшимканов тууралуу төмөндөгүдөй эскерүү жазды:
“Качандыр бир кезде сиз тууралуу жазышым керек эле, Мелис байке...
Бүгүн Мелис Эшимкановдун көзү өткөн күн. Кимге кандай билбейм, Мелис байкенин орду эмдигиче бош. Акылы, билими, тажрыйбасы, харизмасы кичине боюнан ашып турган Мелис Эшимкановдой кыргыз баласын акыркы кезде көрө элекмин, же көрбөй жатамбы?.. Кандай ишти жасаса да чын дилинен жасап, жанындагыларды жакшы сөз, тамашалар менен жаркытып турар эле. Качан болбосун идеяларды сунуштап турган, саясатты да, журналистиканы да эки канатындай ала жүргөн Мелис байкедей адам жоктой, болсо да алар башкача, деңгээли башка. Качандыр бир кезде сиз тууралуу кенен жазышым керек эле, Мелис байке. Алым байкени, Жолдошбек байкени да жазышым керек эле...”