Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ойдогудай бай, сулуу жигитти качан жолуктурам?

Ойдогудай бай, сулуу жигитти качан жолуктурам?

14-март, 20:50
2 251 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мага дайыма улуу адамдар эле жолуга берет. Көңүлүмдөгүдөй бай, сулуу, жаш жигитти качан жолуктурам? Жакын адамдарым «атаңды тарткансың, сени бактылуу жашоо күтөт» деп айтышат. Бир жолу цыган аял төлгө ачып, «бай болосуң, келбеттүү жигитти жолуктурасың» деди. Чоң апам да ырым-жырымын жасап, келечекте ишенимдүү, келбеттүү күйөө күтүп жатканын айткан.

Бирок азыр 26 жаштамын, жашоомдо бул айтылгандардын бири да орундалган жок. Биринчи мамилем өз демилгем менен башталып, көпкө созулган эмес. Жаңы жылда жактырган жигитим башкага кетти. Ушул жаңы жылды дасторконду жайнатып коюп, көзүм жашка толуп жалгыз тостум. Алдыда кандай тагдыр күтүүдө?.. Мен жактырган адамдар менден жаа бою качышат. Эмнеге? Цыган аял менен чоң апам айткан тагдырым жөн эле жомок окшойт...


Сезим   

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер