Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чет өлкөлөрдө 68 миңден ашык шайлоочу катталды

Чет өлкөлөрдө 68 миңден ашык шайлоочу катталды

06-сентябрь, 17:36
1 230 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын чет өлкөдө добуш бере турган жарандарынын саны 68 миң 691 адам. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 6-сентябрындагы отурумунда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев маалымдады.

Анын айтымында, чет жактагы жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоодон өткөндөн кийин 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере алышат.

2020-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого пандемиянын айынан катышуу аз болгон. 9300 киши добуш берген. Ал эми январдагы референдум жана президенттик шайлоодо чет жактагы 3,5 миң кыргызстандык добуш берген”.

Министрдин айтымында, чет жактагы шайлоо тилкелеринин санын кеңейтүү боюнча иштер жүрүүдө. Россия, Түркия, Казакстан, АКШ сыяктуу бир катар өлкөлөрдө шайлоочулардын саны дагы такталып жатат, жалпы чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси ачылат.

Президент Садыр Жапаровдун 29-августта кол койгон жарлыгы боюнча, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо 28-ноябрда өтөт. Парламент 90 депутаттан туруп, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. Шайлоого катыша турган партиялар 3-сентябрда арыздарын беришти. Алардын саны 75 болду.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер