Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте Борбор Азия IT форуму өтөт

Бишкекте Борбор Азия IT форуму өтөт

23-март, 11:04
1 068 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

24-мартта Бишкек шаарында боло турган Борбор Азия технологиялык форумуна 5 мамлекеттин IT лидерлери катышат. Иш-чара Кыргызстандагы экономикалык саясатты изилдөө институту менен биргеликте программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы тарабынан уюштурулууда.

Форумга Американын Amazon электрондук соода платформасынын аймактык IT директору, Вашингтон университетинин IT билим берүү боюнча эксперттери, JETRO тышкы сооданы өнүктүрүү уюму башында турган Япониядан келген делегациянын катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында Америка Кошмо Штаттарынын, Казакстандын, Өзбекстанын, Түштүк Кореянын жана Германиянын эксперттеринин панелдик сессиялары жана презентациялары болот. Сессиялардын жүрүшүндө эл аралык тенденциялар жана IT билим берүүнүн келечеги талкууланат.

Форумдун жыйынтыгында комитет түзүлөт, ал жогоруда аталган өлкөлөрдүн эл аралык өнөктөштөрү менен кызматташуу боюнча билим берүү мекемелеринин ассоциациясы. Форумдан кийин Central Asian Tech Awards аттуу өзүнчө иш-чарасы уюштурулуп, анда 7 номинация боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылат. Ар бир жеңүүчү үчүн сыйлык – Силикон өрөөнүнө (Калифорния штаты, АКШ) саякат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер