Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакшы кабар: Орусиядагы жарандардын мекенине келүүсүнө жол ачылды

Жакшы кабар: Орусиядагы жарандардын мекенине келүүсүнө жол ачылды

27-август, 19:07
591 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги жана шаарлардагы консулдуктары жарандардын мекенине кайтып келиши үчүн чартердик рейстерге тизме түзүүнү токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга байланыштуу “Авиатрафик”, “Аэрофлот”, “Сибирь”, “Тез жет” жана “Урал авиалиниялары” авиакомпанияларына билеттерди расмий авиакассалары же веб-сайт аркылуу өз алдынча сатууга укук берилген.

27-августтан баштап Кыргыз өлкөсүнүн баардык жарандары мекенине кетүүнү кааласа, элчиликке кайрылбай эле авиабилеттерди түз сатып ала алышат” деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө жогорудагы авиакомпаниялардын учактары Бишкек менен Ош шаарларына Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан каттап жатат.

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер