Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Апамды укпай, улуу адамга турмушка чыгып, өкүнүп отурам
Апамды укпай, улуу адамга турмушка чыгып, өкүнүп отурам
07-август, 20:59

Жашым 25те. Жаштык кылып, апамды укпай, өзүмдөн бир топ жаш улуу адамга турмушка чыгып алгам. Азыр өтө өкүнүп жаткан кезим. Ортобузда бир кызыбыз бар. Күйөөм жакшы эле адам, ичпейт, чекпейт, колунан келишинче жардам берет. Кызын аябай жакшы көрөт. Бирок ортобузда түшүнбөстүктөр өтө көп.
Кызганчаактыгы жаныма батат. Досторуна жолукканда, атам курактуу адамдар тамашаларын ыргытканда, өзүмчө иренжип бир кызыктай болом. Ошон үчүн кыздар, өзүңөр курактууларды гана тандагыла.
Баарын таштап, жаңы жашоо баштагым келип отурам. Коркуп атам, чынында кантип, каерден жол баштайм? Кантип иш табам? Кызымды бага аламбы? Эмне кыларымды билбей турам, бирок эңсегеним жаңы жашоо...
Айгерим
"Азия Ньюс" гезити