Алтын балык


(Сатиралык аңгеме)
Таманы талпайып жукарып, бир жагына майрыйта баскан кытай кепичимди, он чакты жеринен жамачыланган костюм-шымымды, башыма кепкамды баса кийип, кайырмагымды алып, демейдегидей таң бүлбүлдөп супа салганда Чу суусуна шашыла жөнөйм, аласам бардан бетер. Ооба, аласам бар, болгондо да кадимки эле жомоктогу алтын балыкты кармагым бар! Азыркы казаныбыз какшыган, экономикабыз эңшерилген заманыбызда алтын балык кармап! Бах ата!.. Ал адатынча адамча сүйлөп, “эмне керек?” деп турса! Эмне кааларымды аны кармаганда айтам. Азырынча өз боюмду токтотуп, алдастабай, акыл оюмду жыя турайын.
Мына эки жээктин ортосунда жыландай ийрилип, Чу суусу кыргыз «капталын» жеп, казак туугандарга боор ооруп, жылыга чек араны бери жылдырып, жылжып агып турган кези. «Кандай аксаң андай ак, мага баары бир. Иши кылып, мендей бечарага алтын балыкты алып берсең болду” деп ичимен миң толгонуп, кудайга миң мертебе жалынып, кайырмагымды ыргыттым.
Кыштын кылкыяк суугу жыртык-тешиги көп күрмөмдү аралап, бирден саналган кабыргамды «сылап» өтсө, “чиркин-ов, мындан өткөн рахат барбы!” деп көчүгүмдү муздак ташка коюп, көгөрүп отурам.
«Максатсыз, үмүтсүз жашаган адам өлүк! Адамдын кандайдыр бир умтулган максаты болуусу керек да» деп терең ойго батып, учу кыйыры жок ой-санаага чөмүлөм. Түш оой бергенде кайырмагымдын белги бергичи «селт» дей түштү. “Оо кудай бере көр, бей-бечараны безелентпе, жарды-жалчыңды жалга!” деп шарт тартып алдым! Бир нерсе «жарк» дей түшүп, аңгыча айткандай эле алтын балык адамча сайрап турду:
-- Айланайын Асаке! Айтканынды айткандай, дегениңди дегендей аткарам. Өтүнүчүңдү, каалоңду, сурооңду айт!?
-- Ассалоом алейкум алтын балык! - дедим кубанычым койнума батпай, -- сени бышырып жейин деген деле ниетим жок, ал эмне, бир курсак! Ооба, каалоом, өтүнүчүм, суроо-соболум бар: эки күндүн биринде айтылып, кулактын кужурун алган Кумтөрдүн алтыны кимдин чөнтөгүнө куюлуп жатат? Ошону таап, ташын талкан кылчы! Жогорку бийликтин бийин бийлеген кыргыздын аткаминер чиниовниктеринин чимкиригин агызчы! Дагы сурарым, күнү-түнү безилдеп чуркап, майлуу-сүттүү деп эсептешкен орунга отурган депутаттардын айлыктары аз болуп, өңдөрүнөн азып кетишти, ошолордун айлыгын айына алты миң доллар алгандай кыл, үй-бүлөлөрүнүн керегине жарагандай ар бирине эки-үчтөн эң кымбат машинелерин кайтарып бер! Буга чейин алар автобус, троллейбус, маршруткада жүрүшөт. Убал болот, элге берген убадаларын аткарат, андан камтама болбо. Эл депутаттарыбыздын айрымдары бери болгондо эки жуз миң долларга чейин үй алышыптыр, бул калыстык эмес, баарын заңгыраган үч-төрт кабаттуу үйлүү кыл, буга чейин көрүнгөндүн үйүндө квартирант болуп жашап келишкен, далай азап-тозокту көрүшкөн, азыр депутаттык кол тийбестиктин асылын көрүшсүн! Отуз миң сомдон ашык айлык акы алып жатышыптыр, бул эмне деген акылсыздык! Карапайым калк кара чай, каткан нан менен отурса эмне экен, андан көрө элге эбегейсиз эмгек сиңирип жаткан депутаттардын отуз миң сому эмнеге жетсин! Айлыгын отуз миң доллар кыл, казы-карта, жал чайнап, ууртунан май чууруп, чөмүчү да май, казаны да май болуп турсун! Мыйзам чыгарабыз деп байкуштар бири-бири менен акыйнек айтышып, кээде жакалашып, мушташканга чейин барып атышат. Куурап кетишти, дагы бирден чоң дүкөн, ресторан, сауна, казино, мейманкана бер. Калганын тирүү жан эмеспи өздөрү эптеп алышат. Колунда мыйзам турат, бат эле приватташтырып алышат. Мына ушул менин соболдорум!
-- Э Асаке, өзүң кепичиң майрык, кийимиң жыртык, арыктыгың кыштан араң чыккан чобур аттай болуп турасың, өзүңө бир нерсе сураган жоксуң го?
-- Мени Кудай албайт, буга чейин мен эле эмес, мага окшогон каратаман калк ийлеген кайыштай чыдап келген, дагы да чыдай беришет. Андан көрө жанагы жанын оозуна тиштеп иштеген депутаттарга айтканымды аткар, ошолор элге ырыс-кешик алып келет, ошолор жыргатат!
-- Жарайт! Андай болсо айтканың айткандай, дегениң дегендей аткарылат! - деп Чу суусуна «чулп» деп чумуп кетти.
Алтын балыктын айтканы келчү эле, аярлай туралычы, урматтуу карапайым калкым!
"Азия Ньюс" гезити











