Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызымдын башындагы таажысы, астындагы алтын тактысы – ынтымак

Кыргызымдын башындагы таажысы, астындагы алтын тактысы – ынтымак

12-сентябрь, 17:03
975 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акылман аксакалдарымды, ак элечек айымдарымды, залкар замандаштарымды, ак калпактуу кыргыз элимди, кеменгер кесиптештеримди 2022-жылдын 31-августундагы эркин эгемендүүлүккө ээ болгонубузга 31 жылдык улуу майрам менен чын баатырлык жүрөгүм менен куттуктайм!

Эзелтен бери эңсеген эгемендикке ээ болгонубузга 2022жылдын 31-августунда 31 жыл толгонуна жана Байтик баатырдын 200 жылдык юбилейине арналган майрам өтө чоң масштабда, президентибиздин катышуусу жана сөз сүйлөөсү менен Кыргыз Республикасынын туусун көк асманга көтөргөн майрамдык маанай менен коштолуп турду. Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров куттуктоо сөзүндө эгемендүүлүгүбүздү, мамлекеттүүлүгүбүздү, биримдигибизди баалап, көздүн карегиндей сактаганыбыз өтө маанилүү экенин баса белгилеп, бүтүндөй кыргыз элин биримдикке, ынтымакка чакырды. Президентибиз бекеринен “баатырыбыз миң болсо дагы, башчыбыз бирөө гана болсун” айтпагандыр. Элдин баатыры миң болсо, башчысы да көп болсо, ал жакшылыкка алып келбейт!

Мен өтө чоң масштабдуу, көлөмдүү, ар тараптуу тойду көрүп, кырк миңге жакын чогулган элдин майрамдык маанайын карап, оюм ойноду, сөздөрүн угуп, кулагым кубанды, алдымда улуулук, көзүмдө сулуулук көрүнүштөр пайда болду, жандүйнөм жыргап, жүрөгүм толкундап, тилим сайрагысы келип турду. Ушундай акыбалда мага өзүнөн өзү илхам келип калганын ­өзүм да билбей калыпмын. Президентибиз менен болгон чакан жыйында төмөнкү ыр сыяктуу саптарды айтып жибердим:

Тооду берген кыргызга Кудайыма жакын болсун деп,

Токойду берген кыргызга салкын жерде жүрсүн деп,

Көлдү берген кыргызга толкунданып жүрсүн деп,

Бетти берген кыргызга сулуу элден болсун деп,

Манасты берген кыргызга улуу элден болсун деп,

Байтикти берген кыргызга баатыр элден болсун деп,

Чыңгызды берген кыргызга чынчыл элден болсун деп,

Садырды берген кыргызга башына бакыт консун деп,

Калпагы таажы (корона) болсун деп, 

Астындагы тактысы алтын болсун деп.

Көз карандысыздыкка, эгемендүүлүккө ээ болгонубузга 31-августта 31 жыл болгону өзүнчө бир сейрек кездеше турган улуу туш келмей (великое совпадение) кубулуш болду. Айрыкча белгилеп кетчү нерсе, Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда Кыргыз мамлекетинин желегин 31 метр бийиктикке көтөрүп, Чуңкурчакка чейин 31 чакырым аралыктагы ат чабыш салтанаттары менен коштолду. Президентибиздин ошол салтанатта эки жолку сүйлөгөн куттуктоо сөзүнүн жалпы убактысы дагы өзүнөн өзү эле 31 мүнөткө уланып жатпайбы... 

Ошондой эле шарттуу окуя болгон Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев 1998-жылы президенттик мөөнөткө 7 жылга өткөнүнө байланыштуу Астана шаарында (мен атайын конок катары катышкам) салтанаттуу инаугурация аземи өткөн. Ошол салтанатта Н.Назарбаев машинадан инаугурация болчу залга чейин 70 кадам жөө жүрүп, 7 мүнөттө басып өткөн, 70 солдат жолдун эки жагында тизилип турушкан. Инаугурациялык салтанаттуу сөзү 7 мүнөткө гана созулган, ошол залда 7 гана делегат жогорку деңгээлдеги коноктордун ичинен куттуктоо сөзүн айткан. Мындай улуу туш келмейлер турмушубузда кездешип келе жатат. Мисалы, элибизди, мамлекетибизди мурда Аалы аттуу адамдар башкарган: Иманалы, Усубалы, Масали, Жумалы, Муралы, Акималы ж.б. Андан кийин Акай аттуу адамдар башкарган: Акай, Танай, Тагай, Бакай, Салай ж.б. “Бек”, “Бай” деген ысымдар коштогон аттарды айтпай эле коёюн. Азыр болсо мамлекетибизди эки Жапаровдор башкарып жатышат. Эки Мамытовдорду дагы кошуп койсом ашыктык болбос, бири спикер, экинчиси баатыр. Медицинанын элитасы болгон хирургия менен нейрохирургиянын жетекчилери дагы элибиздин эки баатыры: биринчиси Ага, экинчиси Ини; биринчиси окутуучу, экинчиси окуучу; биринчиси шумкар, экинчиси ал шумкарга куштар; биринчиси бийик, экинчиси кийик.

Дагы бир башка өңүттөгү туш келген кубулушту айтууга туура келип турат. Кудайымдын кудрети, Алланын актыгы буюруп, мен Турдакун Усубалиевичтин атасын 95 жашында инсульт дартынан дарылагам (ал киши айыгып, алты жыл жашады). Андан кийин филармониянын залындагы чоң жайында мен Турдакун Усубалиевичтин өзүн 95 жылдык юбилейи менен куттуктагам. Ушул сыяктуу улуу туш келмей кубулуш, көрүнүштөр (совпадение) дүйнөдө көп кездешет. Алардын кээ бирлерин мен өз кезегинде айткам дагы, жазгам дагы. Мисалы, Александр Невскийдин жана орус элинин бир өтө белгилүү музасынын 2022-жылы 800 жылдык юбилеи өткөн.

Бул макалада менин айтайын дегеним такыр башка нерсе, максатым да башка. Ушул улуу эгемендүүлүктүн 31 жылдык майрамында оюМ ойноп, жүрөгүм туйлап, уккандарымдан кулагым кубанып, көргөндөрүмдөн көзүм сүйүнүп, тилим сайрагысы келип турат. Ошондуктан мен мекендештеримди ынтымакка чакырып, биримдикке үндөп көрөйүн деген эле максат койдум. Азыркы убакта ынтымак элибизге ичкен тунук суубуздай, дем алган таза абадай керек болуп турат.

Баарыбызга белгилүү болгондой Кыргыз элимдин тарыхы терең, келечеги кенен, аткарган иштери белен болгондуктан, байыртадан бери кыргыз эли ынтымакты жаратууну, аны сактоону бийик жана ыйык милдеттерин бири деп эсептеп келген. Ынтымакта жашоону кыргыз элим өмүр бою каалап, ынтымакка жетүүнү, эгемендикке ээ болууну аябай эңсеп келишкен.

Кыргыз элимдин негизги, бирден-бир миссиясынын бири бул – эл арасындагы, айрыкча улут арасындагы мамилени жакшыртуу, элди ынытмакка чакыруу. Себеби, кыргыз элимдин басып өткөн татаал жана тайгактуу, кызыл кандуу жолу ошого үйрөткөн. Ошондуктан кыргыз элимдин атуулдары, даанышмандары кандайдыр бир улут аралык маселени чечерде өтө этияттык, кылдаттык менен чечкенге аракет кылышкан. Алар байкабай жүрүп баспаган, акыл чайкап калчаган, билбей туруп шашпаган, керек болсо артка карай бир-эки кадам таштаган, андан кийин гана ынтымак ишин баштаган.

Эгемендүүлүктүн 31 жыл аралыгында ынтымактын жоктугунан алты өлкө президенттери, жыйырма спикерлери, отуз премьер-министрлери алмашышты. Бири дагы көзгө илгендей ишеничтүү, эсте калчу көрүнүктүү улуу иштерди жасабагандай. Жакшы иштердин бардыгы өзүнөн-өзү инерция менен илгерилегендей, өз нугу менен алдыга жүргөндөй эле сезилет. Алардын жасаган жакшы, оң иштерин, же жасабай койгон, же жасаган терс иштери туура жасаган иштерин жууп, бузуп, жокко чыгарып кеткендей. Бирок, ар биринин оң-терс иштерин тарых терең изилдеп, өз ордуна коёт деп үмүт кылабыз.

Экономикалык, социалдык, саясый, руханий кризистердин негизинде үч революциялык ыңкылапты, Баткен, Аксы, Ош, Жалал-Абад куралдуу тополондорду баштан өткөрдүк. Бирок алардан биз сабак ала албагандай көрүнүштө жашап жатабыз. Ошол эле мезгилде көп нерселерибиз улуттук болду: улуттук валюта, Улуттук банк, улуттук тил, улуттук желек, улуттук герб, улуттук гимн, улуттук театрлар, ооруканалар, окуу жайлар ж.б. пайда болду.

Ошол улуттук улуу наамдар улут арасындагы ынтымакты биз каалагандай бийик деңгээлге чыгара албагандай сезим менин ички дүйнөмдү дүрбөлөңгө салганы салган. Улут арасындагы ынтымактын, биримдиктин, чогуу жашоонун гармониясынын инструменти, негизги сыйкыры эмнеде (?) деп издеп көрсөк, жообун байыркы “Манастан” азыркы Чыңгыздан тапса болот экен. Алардын негизги көргөзгөн жолу – бул диалог философиясында, башкача айтканда, тил табышуу, консенсуска келүү, жанаша жашоо принциптери экен. 

Манас менен Чыңщгыздан башка дагы кыргыздын тарыхында көп булактар бар. Алар кара кылды как жарган калыстары, эч пенде бузалбаган кыргыздын улуу мыйзамдары, кыргызымдын бийик мурастары. Алардын кээ бирлерин атап айтсак, “Манастагы” Бакай, Кошой, Каныкей; Көлдөгү айтылуу акелер, манасчылар, Ат-Башы, Нарындын баатырлары, олуялары, чечендери, Түштүктүн хан, бай даткалары, Таластын таланттары, Чүйдүн баатырлары, бий-бектери жана башкалар. Булардын бардыгы кыргыз элимдин ынтымагын, Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн сактап келишкен жана башка элдерге да үлгү болуп ынтымакка, досутукка чакырып келген. 

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов “мен мыктымын” дебей, ар бир улутту, ар бир динди бири-биринен жогору койбой, ар бир маселени өз ара баарлашуу, сыйлашуу, бири-бирин урматташуу, түшүнүшүү жолдору менен чечкенге үндөнгөн. Ошондуктан улуу жазуучу улуттардын арасынан өзү жогору көтөрүлүп чыгып, аларга ааламдын кеңдигинен, космостун бийиктигинен карап, улуттардын, айрыкча кыргыз улутунун ынтымак багытындагы миссиясын аныктап берди деп айта алабыз. 

Элибизде улуу сөздөр бар, “Ынтымагын жок болсо – карындаштан кыйыр кетер, карагайдан чыйыр кетер, хандан күч кетер, элден мүлк кетер”. “Ынтымагың жок болсо – элиңди душман басат, ыйманы качат, жыйганыңды чачат, адамзаттан мал качат, аргымактан жал качат, элиң бөтөн элге кул болот, кыздарың күң болот, белден береке качат, Ысык-Көлдөн көрк качат”. Ынтымагы жок эл – өз ажосун качырат, өз элин башка бүт дүйнөгө чачылтат, өз элин ок менен аттырат, өз жерин башка мамлекетке саттырат. Ынтымагы жок эл – башындагы таажысынан, астындагы алтын тактысынан ажырайт. Ынтымагы жок эл – өз ажосун каматат, “качан ажобуз камактан чыгат?” деп күн сайын саматат. Ошондуктан мен дагы айткым келет, булутсуз соккон шамалдан сакта, айттырбай келген жамандан сакта; ажосу качкан, камалган замандан сакта, калыс сөздү айталбаган доордон сакта; оорутпай туруп сарык кылган боордон сакта, жалкоолуктан пайда болгон желкеңдеги жоордон сакта. Кандай кыйынчылыктар болбосун ынтымакты сакта!

Элибиздин ынтымагы жок болсо, улуусуна кичүүсү баш ийбей, байын кедей жактырбай, кедейине байы карабай, бир туугандар бири-бирин көралбай калганда ынтымак ыдырайт. Мамлекеттүүлүктүн, эгемендүүлүктүн, көз карандысыздыктын тагдыры эзелтен бери элдин колунда, элдин ынтымагында болуп келген. Ынтымактан качкандар, ыгы жок көзүн ачкандар, саясатка өз өмүрүн чапкандар, өз бактысын саясаттан тапкандар, саясаттын чокусунан өз балдарын аткандар. Ошол октун ызгаарынан түбөлүккө жаткандар, саясаттын негизинен адамзатты баккандар бар. Мындай оош-кыйыш көрүнүштөр кыргыз тарыхында болуп келген. Кандай кыйынчылык болбосун баарына чыдап, өз өмүрүн аябай, баатырлык мүнөзүн көргөзүп, намыс үчүн күрөшүп келген. 

Биздин президинтибиз айткандай, “биздин эң баалуу байлыгыбыз – бул көз карандысыз мамлекетибиз, эгемен элибиз, мындан башка бакыт, мындан башка байлык жок”. Кыргыз эли ар дайым кандайдыр бир ийгиликке жеткенде өзүнүн желегин бийик көтөргөн. Бийиктеги желбиреп турган желек элибизге, жерибизге, мекенибизге болгон сүйүүнү өрчүткөн, мамлекеттүүлүктү ыйык сактаганга дем берген. Сыймыктуу, намыстуу гана эл өзүнүн бактысын эгемен болгондо гана сезет, ошол бакытка ээ болгонго жана аны сактаганга умтулат. 

Баарыбызга белгилүү болгондой, эл арасында бөлүнүп, биригүүлөрдүн түрлөрү көп. Андай нерселер биздин элде да илгертен бери уланып келе жаткан көрүнүш. Мисалы, кыргызда уруу-уруу болуп, түндүк-түштүк, ичкилик-аркалык, оң-сол, улуу уруу-чакан уруу, улуу муун-жаш муун, шаардык-айылдык, бай-кедей, калмак-кыргыз ж.б.

Кыргызстанда: титулдук улут, башка улуттар, облустар, райондор, кокту-колот. Дин боюнча: мусулмандар (сунн, шиит), христиандар (православ, католик), буддалар. Бийликте болсо: бийлик менен эл ажырымы, Акүй-Көкүй, парламент-фракциялар, комитеттер, кедейлер менен байлар ажырымы. Саясатта: партиялар жана башка түрдөгү ажырашуу-бөлүүлөр. Ошондуктан, азыр адамдар улут-улут, уруу-уруу эле болуп бөлүнбөстөн, мусулман, орусман, буддаман, Адамман, Манасман, теңирман да бөлүп бөлүнүп жаткандай. Ушулардын кесепетинен элибизде ынтымак ыдырап, ишеним ичкерип, коррупция көгөрүп, акыл алсырап, чындык чыркырап, калп каткырып бара жаткансыйт. 

Азыркы биздин максатыбыз – ушулардан алыстап, акылды асырап, ата-бабалардын салтын сактап, ар дайым адамман (дух инсаны), кыргызман, Манасман, Чыңгызман жана мусулман (Кудай инсаны) болуп жүргөнгө аракет кылышыбыз керек. Ушул жерден баса айта турган нерсе – Жараткансыз жакшы турмушка жетем деп ойлобо, Теңиримсиз башкаларга тең болом деп телпинбе, Кудайсыз күчтүү коом курам деп кууланба, Алласыз адилеттүү турмуш орнотом деш – ал өзүн өзү алдоо менен барабар. 

Адамдын арыбас жашоосунда Алла Таалам адамды өзү жараткандан кийин эле адамга үч улуу дөөлөтү буюруп коёт: ата-энени, мекенди, эне тилин. Ошол улуу дөөлөттөрдү элибиз үч түрдүү жомогу менен, үч кылдуу комузу менен, үч бурчтуу тумары менен ыйык сактап, муундан муунга мурастап келе жатат. Ошол улуу үчөөнөн кыргыз элим жандүйнөсүнүн азыгын алып, буюруп койгон жазыгын көрүп, кагып койгон алтын казыгын аздектеп жашап келе жатат.

Сиздер билесиздерби, кыргызымдын  ыйыгы – Жараткан, бийиги – Адам, байлыгы – сөз, башаты – мекен, байрагы – кызыл туу, урааны – Манас, улуту – кыргыз, караганы – жылдыз, кармаганы – комуз, суусундугу – кымыз, суктанганы – сулуулук, урматы – улуулук, аяны – түш, баяны – жомок, таптаганы – күлүк, сактаганы – мүлк, салганы – бүркүт, энчиси – эмгек, турагы – бозүй, тамгасы – чамгарак, мүнөзү – сабыр, мүдөөсү – санжыра, күрөшү – мээнет, тутканы – салт, калысы – калк, тиреги – эл, сайраны – той, санаасы – ой, тагынганы – тумар, талпынганы – тулпар, бермети – Ысык-Көл, бешиги – Ала-Тоо, эңсегени – эркиндик, башындагы таажысы – ак калпак, астындагы алтын тактысы – ынтымак. Ушул баалуулуктардын баарын билип алып байый түшөсүң, айтып алып агара түшөсүң, тактап алып тазара түшөсүң, төгүлө айтып алып толо түшөсүң, өзүңдү өзүң таанып өзгөрө түшөсүң.

Кыргыз элим каада-салтка бай эл. Улуу кыргыз элимдин беш жүзгө жакын каада-салттары бар. Аларды оозеки айтыш жагынан, эпосторунан, санжыраларынан жана калыптанып калган жашоо шарты, тиричилигинен байкаса болот.

Кыргыз элим илгертеден бери өзүнүн турмуш эрежелерин өзгөртпөй сактап, улантып, байытып келе жатат. Кандай соонун көрүнүш – жайлоодо жыргап жайлаган, жылгада жылкы айдаган, желеде кулун байлаган, сабада кымыз саамалган, короодо кою маараган, казанда эти кайнаган, багында булбул сайраган, алты ажону шайлаган, алардын ыңгайсызын ар тарапка айдаган.

Байыркы касиеттүү бабаларыбыз Алтайда, Эне-Сайда, Ала-Тоодо, Азияда уруктан уруу куруп, уруудан улутка жетишип, бек, бий, айрыкча хандык күтүп, түндүгүн көтөрүп, көк асабасын колуна кармап, ат арытып, заман карытып, тарыхы терең, келечеги кенен, татаал жолдорду басып өттү. Кыргыздар узак жолду баскан тиричилик турмушунда нечегендеген боордошторду, ак ниет досторду жана башка кошуна-колоңдорду күтө алды. 

Ынтымак, достук принциптерин жогору коюп, майда-чоңуна, улутуна, уруусуна карабай, аларды өздөрүндөй көрүп, сыйлап, каада-салтты сактап, саясый, маданий, соода-сатык жана элчилик мамиле курду. Бирок, кыргыздар башына кыйын күн түшсө дагы күчтүү жоо экенине карабай, жоонун көзүн карап кошоматтанбай, жалдырап карап, же чычалап жашаган эмес. Кыргыз өз кадыр-баркын, абийир-намысын ыйык туткан, кудрет-күчүн билген, уюткулуу журт катары ар түрдүү элдер менен тийиштүү алакада, алардын күчтүү-алсызына карабай, көчмөн элдин нарктуу-барктуу салтын сактап, адилет, адамгерчилик, боорукерлик, ырайымдуулук, сабырдуулук менен мамиле кылган жана башкаларды ошондой касиет күтүүгө, нарктуулукка, намыска жана ынтымакка чакырган.

Улуу даанышман бабалардын узак жолун улаган, руханий маданиятына, акылмандыгына салымын кошкон, эл оозуна алынган ХIХ-ХХ кылымдардын да таланттуу акылмандары, даанышмандары бар экенине сыймыктанабыз.

Улуу даанышмандардын ысымдарын, эрдигин жана накыл керээзин улап, кийинки муунду унутууга акыбыз жок. Бардыгыбыздын парз-карызыбыз – улам келген кеменгер жаш муунга бабалардын акыл-насаатын кулагына куюп, тынымсыз коңгуроо кагып, эскертип турууга милдеттүүбүз. Ынтымактын негизин ошол даанышмандардын калтырып кеткен мурастарынан да тапса болот. Алардын орто кылымдагы эле өкүлдөрүн санасак: Жусуп Баласагун, Махмуд Кашгари, Асан Кайгы, Толубай сынчы, Токтогул ырчы, Калыгул олуя, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Нур Молдо, Жеңижок ж.б.

Кыргыз элинин ойлоо аң-сезими, басып өткөн татаал жолунун үлгүсү, бийик гуманисттик идеялары, мамлекеттүүлүктүн принциптерин түптөөдө, элдердин ынтымагын чындоодо зор салымын кошуп келген Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Султан Ибраимовго окшогон инсандарыбыз зор ролду ойношкон, чоң үлгү көрсөтүшкөн. 

Садыр Нургожоевич Жапаров дагы ниети таза, руху бийик, арам иштерге барбаган, бүт аракетин тынчтыкка, элдин ынтымак-ырыскысына арнаган, элдин ишенимин актаган үлгүлүү өлкө президенти болот деп мен толугу менен ишенем. 

Академик Миталип МАМЫТОВ, КР Эл Баатыры

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер