Акыркы кабарлар
» Саясат » Тазабек Икрамов Бакыт Төрөбаевди кандай сынга алды?
Тазабек Икрамов Бакыт Төрөбаевди кандай сынга алды?
12-январь, 11:54
950 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда Жогорку Кеңештин түзүмү каралып жатат. Депутат Тазабек Икрамов Бакыт Төрөбаевди шашылыш түрдө добушка койгону боюнча сындады.
“Бул жерде сиз туура эмес алып барып жатасыз. Сиз эл шайлаган депутаттардын үнүн укпай, добушка коюп атасыз. Мен сизге ачык айтам, буга чейин дагы көп нерсени өзүңүздөр бекетип алып, депутаттардын үнүн укпай добушка коюп салуудасыз. Сиз туура эмес жакка барып жатканыңызды көрсөтүп жатасыз. Беш манжаңызды оозуңузга салып отуруп, какап каласыз” дейт Тазабек Икрамов.
Бакыт Төрөбаев: "Ар бир сынды кабыл алабыз. Какайбызбы же какабайбызбы сиз айта албайсыз", - деди.