«Биримдиктин» жаштары "Демократиялык социализм" темасында талкуу өткөрүштү
13-сентябрда «Биримдик» саясый партиясынын жаштар канаты "Демократиялык социализм" темасына суроо-жооп иретинде ачык талкуу өткөрдү. Аталган иш-чарага ар кандай уюмдардын, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана Кыргызстандын алдыңкы жаш лидерлери чакырылган.
Сөз башында «Биримдик» саясый партиясынын жаштар канатынын лидери Махмуд Ойтемиров бүгүнкү күндө бул тема абдан актуалдуу экендигин айтып, ошондон улам «Биримдик» саясый партиясы "Демократиялык социализм – евразиялык тандоо" жолуна түшкөнүн баса белгилеп кетти. Муну менен бирге «Биримдик» саясый партиясынын талапкерлери менен тааныштырды.
Андан ары талапкерлер демократиялык социализм боюнча көз караштары менен түшүнүктөрүн ортого салып, аталган маселелер туурасында өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Өлкөбүздүн жаш лидерлери «Биримдик» саясый партиясынын талапкерлерине баардык кызыктырган маселелер боюнча суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Конструктивдүү жана пайдалуу талкуу болуп, жаш лидерлер бул иш-чаранын оӊ жактарын белгилешти. Анткени, ачык суроо-жооп талкуусу айрым жаш лидерлерге өз көз караштарын ачык айтып, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.
Евразия элдеринин Жаштар ассамблеясынын теӊтөрагасы Нургүл Кадыркулова «Биримдик» саясый партиясын колдоо менен аталган темага болгон кызыгуусун билдирди.
«DAS Eduсation» билим берүү борборунун директору Замир Айылчиев билим берүүнүн айрым учурларын белгилеп, бул жаатта кызыктуу сунуштарын берди.
«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.