Ибрагим Жунусов: “Министр Алмазбек Бейшеналиев маанилүү ишти баштады”

-- Ибрагим мырза, президенттин жарлыгы менен беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилди. Бул чечим окуу жайлардын билим берүү сапатын канчалык деңгээлде көтөрөт деп ойлойсуз?
-- Беш ЖОЖго өзгөчө макам берилгени абдан жакшы. Баары тең жогорку деңгээлдеги татыктуу окуу жайлар. Беш ЖОЖдун жетекчилерин президент дайындап, калгандары министрдин буйругу менен бекитилгени туура эле. Мен Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болуп, билим берүү жана илим комитетин жетектеп турганда ректорлордун баарын дайындоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштагам. Себеби, ректор шайланганда бүт университет бөлүнүп кетет. Окутуучулар, профессордук курам “бул өзүбүздүкү”, “бул чоочун” деген позицияга өтүп алышат. Экиге, үчкө да эмес, онго бөлүнүп кетет, эгер он талапкер койсо. Менин эсимде бар, ОшМУда шайлоо болгондо (мен анда проректор элем) жамаат он жетиге бөлүнгөн. Себеби, он жети талапкер койгон болчу да. Ошондуктан, дайындалганы туура эле болот. Татыктууларды тандаганга да жеңил.
-- Жогорудагы жарлыктын негизинде кээ бир ЖОЖдор бирикмей болду. Бул окутуучулардын кыскаруусуна, жумушсуздукка алып келбейби?
-- Азыр ЖОЖдордун так саны канча экенин билбейт экем, мен вице-премьер кезимде 52 жогорку окуу жайы бар эле. Бул кичинекей өлкөбүз үчүн өтө көп. Биз алардын санын 25ке чейин азайтканга аракет кылып, бирок, аягына чыга албай калганбыз. Бириккени жакшы эле. Кээ бир ЖОЖдорду чарбалык эсепке, өзүн-өзү камсыздого эле өткөрүп коюш керек. Бириктирүүнүн дагы бир жакшы жери – жогорку окуу жайлардын кадыр-баркы көтөрүлөт. Азыр облус эмес, райондордон бери ЖОЖдордун филиалдары ачылып кетпедиби. Жогорку окуу жайларга гана эмес, жалпы билим берүү системасына реформа керек. Бала бакча, мектептерден тартып, министрликтин өзүнө чейин. Африка өлкөлөрүнүн кээ бир жогорку окуу жайларынын кире беришине “Эгер мамлекетти жок кылгың келсе, билимсиз адамдарды көбөйтүү керек” деген маанидеги жазууну илип коюшат экен. Чындыгында эле билимсиз адамдар көбөйгөндө мамлекет алсыз боло баштайт. Мен ойлойм, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев маанилүү, чоң ишти баштады, бул реформа аягына чыгышы керек. Албетте, нааразылыктар деле болбой койбойт. Кээ бир ЖОЖдор бириккенде окутуучулар эмес, ректор, декан, кафедра башчылары кыскарышы мүмкүн. Бирок, андан чочулоонун кереги жок.
"Азия Ньюс" гезити