Жалал-Абаддын губернатору Абсаттар Сыргабаев кылмышка шектүү беле?
Кат куржунга олуттуу суроолор түшүптүр. Окурман журтчулугуна бөлүшүп коёлу. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев айыл өкмөт болуп жүргөндө кылмыш ишине кабылып, камалып кетерде таасирдүү “крышасы” аркылуу сакталып калганы ыраспы? Ушундай шектүү адамдын бир аймакты башкарып отурганына кандай карайсыңар? Угушубузга караганда, эски кылмыш иштерин төрт жыл мурда тазалатып, билмексенге өтүп алганычы? Бул боюнча президенттик аппарат калыс иликтөө жүргүзсө, баары оркоюп чыгабы? Негизи мамлекеттик жогорку кызматтарга билимдүү, тажрыйбалуу кадрларды көтөрсөк, элге да үлгү жаратмак, туурабы? Ал эми Сыргабаевге окшогондор облустун жүгүн тарта албаса, артында “калбыры” болсо, анан Жалал-Абадда кайдагы өнүгүү болмок эле?
"Азия Ньюс" гезити