Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күздө шайлоо. Эмне үчүн Райым Матраимовдон баары коркуп атышат?

Күздө шайлоо. Эмне үчүн Райым Матраимовдон баары коркуп атышат?

23-июль, 13:03
2 116 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бийликке Райымбек Матраимов душман эмес. Бирок, ал айрым көркоо саясатчыларга, орунсуз оппоненттердин чекесине чыккан чыйкан болушу мүмкүн. Бул жагын реалдуу турмуш көрсөтөт. Акыйкатсыз суралып чыккандан бери бир да ооз сөз айта элек. Эч кимге. 

Эмнегедир баары күздөгү шайлоодон айбыгышып, Райым мырзадан коркуп атышканы таңгалдырды. Биздин маалымат боюнча, ал саясатка активдүү аралашпайт. А бирок, бир убакта ага-ини катарында, дос-жоролору парламенттик шайлоого катышып, Кыргызстандагы саясый аба ырайына кандайдыр бир таасир этиши мүмкүн. Бул жагына эч ким чек коё албайт. Эмесе, Райым Матраимовдун шайлоодо күчү канчалык экенин билгиңер келеби? Бул да өзүнчө феномен... Түндүк-түштүккө карабай кызмат кыла турган балдарга акыл-насаат айтса, жорткондо жонунан сыласа жаманбы? Албетте, сатып кеткендер келе алышпайт, убактылуу алакалары үзүлгөндөр үр мүйүздү көтөрүп чыгашсачы?..

А кадр саясатындагы тармактар боюнча келсек, идиреги барларды көтөрсө, алар таасир жарата башташса эмне кылабыз? Кызыгы, убагында андан жакшылык көрүшкөндөр эрезеге жетишип, мамлекетти көтөрүүгө белсенип турушат. Жүздөгөн демилгелүү жаштарга жардам берип койсо, алар баардык тармактарда өсүп атышса, мунун өзү мамлекеттүүлүк үчүн секирик да, туурабы?

Баса, Садыр Жапаров түрмөдөн чыгып, бийликке отургандан кийин айтты эле го “Кыргызстандагы 90 пайыз кыйындар Райым менен мамилеси бар экен...” деп. Анын сыңарындай, бир ууч элди бөлө да албайбыз! Баарыбыз бири-бирибиз менен көргөн жерден учурашабыз...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер