Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улукбек Кочкоров: “Биримдиктин” өлкөнү өнүктүрүү багытында так программасы бар”

Улукбек Кочкоров: “Биримдиктин” өлкөнү өнүктүрүү багытында так программасы бар”

08-сентябрь, 12:30
1 060 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын өлкөнү өнүктүрүү багытында так программасы, максаттары бар. Мындай пикирин аталган партиядан шайлоого аттанган Улукбек Кочкоров Баткендин эли менен болгон жолугушуусунда айтты. 

Ал өз сөзүндө бийлик, өкмөт кылат деп эле отура бербестен, ар бир жаран колунан келген иш-аракеттерди кылып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салымын кошушу керектигин белгиледи. 

“Бийликке сын айтып, четте карап турганыбыз болбойт. Биз баардык кемчиликтерибизди анализдедик, кандай кылганыбызда өлкөбүздүн жашоосу жакшы нукка бурулат? деген суроого жооп издедик. Биздин партиянын так программасы, өлкөнү өнүгүү багытында багыты, максаттары бар. Бизге программалык максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн сиздердин колдооңуздар керек. Ошон үчүн алдыдагы шайлоодо «Биримдик» партиясына добушуңуздарды берип, өлкөбүздүн жаркын келечегин тандоого чакырам» деди Улукбек Кочкоров. 

Жолугушууда партиянын дагы бир талапкери Мамыржан Рахимов да сөз сүйлөп, шайлоочуларды колдоого чакырып өттү. Ал жаш, идеяга бай партия Кыргызстандын экономикалык, социалдык жактан өнүгүүсүнө, Баткен облусунун элинин турмуш шартын жакшыртууга өз салымын кошоруна ишендирип кетти. Рахимовдун белгилөөсүндө, «Биримдик» партиясынын өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү багытында реалдуу программасы бар. 

Андан кийин партияны, талапкерлерди колдоо сөздөрү менен аймактын акскалдары, аттуу-баштуу инсандары сөз сүйлөдү. Алар “Биримдиктен” шайлоого аттанып жаткандардын буга чейинки эл үчүн кылган эмгектерин айтышып, мындан ары да эл үчүн көптөгөн иштерди кыла беришерине тилектерин билдиришти. Партияга, талапкерлерге жеңиш каалашып, ак баталарын беришти. 


«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер