Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактылуу турмушум бузулуп, ыйлап отурам...

Бактылуу турмушум бузулуп, ыйлап отурам...

01-ноябрь, 18:04
727 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аялзаты бүгүнкү күндө эч кимге ишенбей жашаш керек экен. Жаңы курбу  күтпөй эле койгула. Мен болсо бактылуу турмушум бузулуп, ыйлап отурам. 

Күйөөм экөөбүз бактылуу турмушта он жыл жашадык. Улуу балабыз 9 жашта, кийинкиси бир жарым жашта, үчүнчүбүздүн төрөлгөнүнө эки жума эле болду. Мен баламдын мектебинде ата-энелер комитетинде жүрүп, өзүм курактуу бир келин менен таанышып калдым. Ал менин үй-бүлөм тууралуу баарын сурап, күйөөм кайда иштейт, канча табат – баарын билген эле. Айтор, ичи-койнума кирип, балдары менен конок болуп үйгө келип, биз алардыкына барып, аябай жакын болуп кеткенбиз. Ошол күндөрдө мага билдирбей күйөөмдүн телефон номерин алыптыр. Мен үйдөгү болгон нерсени ага курбу катары айта берчүмүн, ал болсо бизди бузуш үчүн иликтеп жүрүптүр. Алгач экөө жашыруун чалышып, жазышып жүрүп, кийин баары ачыкка чыкты. Күйөөм ал үчүн төрт ай мурун үйдөн чыгып кеткен. Мен ал убакта кош бойлуу болчумун. Турмушум бузулганына стресс болуп жүрүп төрөдүм. Күйөөм ал аял деп үч баласын карабай кетти. Башкысы, балдарым бар, мага ошол жетет. Менин башымдан өткөн окуя ар бир аялзатына сабак болсо дейм. Курбу күткөндө этият болгула. Азыр эмне кыларымды билбей отурам. Эмне кылсам?..

Диана
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер