Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таалайбек Масабиров: “Спорт ордосу көргөзмө өткөрүү үйүнө айланып калды”

Таалайбек Масабиров: “Спорт ордосу көргөзмө өткөрүү үйүнө айланып калды”

03-сентябрь, 21:32
1 645 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Токио олимпиадасынан кийин мамлекет жанданып, бийликтегилер “2024-жылы өтө турган олимп оюндарына даярдыкты азыртан башташ керек” деп калышты, эмне даярдык көрүш керек? 

-- Быйыл, Токиодо өткөн олимп оюндарында спортчуларыбыз чоң ийгиликтерге жетишти. Бирок, мындан дагы жакшы көрсөткүчтөргө жетүү мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Учурунда, бюджет каралып жатканда Жогорку Кеңештеги бюджет комитетинин мүчөсү катары биринчи кезекте бул тармакка каралган акчанын учурунда толук бөлүнүшүнө аракет кылгам. Жаңылбасам, 2020-жылы спорт агенттигине 1 миллиард сомго чейинки каражат каралып, бирок, ортодон Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына дагы акча керек болуп, сумманын 600-700 миллионго жакыны кыскартылып, берилбей калган. Мындан спортчулардын сборго, машыгууларга баруусу, эл аралык мелдештерге чыгуусу кыйындаган. Алар беттештерге барыш үчүн унааларын күрөөгө коюп же карыз акча алып кырдаалдан чыгышчу. Спортчуларыбыздын акчалары кечиктирилип, ар дайым каржы жагынан көйгөйлөр болуп келет. Мындан тышкары, алардын дары-дармектерине, калыбына келүү процесстерине толук кандуу шарттарын түзүп берсек, спортто мындан дагы жетишкендиктерге илинебиз. Акчалары жок, машыга албай, сборлорго, мелдештерге чыга албаса, витаминдерди иче албаса, кайдагы алтын медалды айтууга болот? Мындай шартта жыйынтык чыкпайт. Ар дайым биздин спортчулар ачка, шарттары жок болсо да чоң ийгиликтерди жаратып келатканын айтып келем. Башка мамлекеттердин бир эле спортчусуна миллиондогон акчалар каралат. Ошого карабастан коңшу мамлекеттерден алда канча алдыга умтулуп чыгып кеттик. 

-- Спортту мындан дагы өнүктүрүү үчүн канча каражат жетиштүү болот?  

-- Эң биринчи кезекте аларга бөлүнгөн акчалары толук которулушу керек. Бул машыктыруучулардын бир жылга түзгөн пландарын жүзөгө ашырууга жакшы жардам берет. Чындыгында коңшу мамлекеттердин спортчулары машыгуу үчүн чет өлкөлөргө чыгышат. Биздикилер Ысык-Көлгө сборго барып эле ушундай ийгиликтерге жетишип жатышат. Мисалы, спорт ордосу көргөзмө өткөрүү үйүнө айланып калды. Ансыз деле Кыргызстандын биринчилигин өткөрө турган бир эле спорттук мекеме бар. Ири спорт комплексин куруу дагы бул тармакты алдыга тартмак. Азия чемпионаты, Дүйнөлүк чемпионаттар өтүп турса, спортчуларга жакшы тажрыйба алмашуу болсо, жаш, өсүп келаткан уул-кыздарыбызга үлгү болуп, мындан туризмге да салым кошулмак. Эл аралык спорт уюмдары келишип, шартты көрүп, чемпионат өткөрүүдөн баш тартышат. Сессияларда муну көп жолу көтөргөнбүз, бирок чечилбей жатат. Маданият менен спорт агенттигин кошуп коюу да туура эмес. Эми маданият министрлигине каражат каралып, анын ичинен спорт агенттигине бөлүп беришет. Бул калпыстык. Спорт – бул көңүл буруп, өстүрүп, өнүктүрө турган чоң тармак. Аларды саясатын өздөрү жүргөзө турган спорт жаштар комитети кылып койсо жемиши жакшы болмок. Токиодон келген сыймыктарыбызга президент жакшы сыйлыктарды берди – бул жаңы өсүп келе жаткан жана учурдагы спортчуларга чоң стимул боло алат. Кийинки, 2024-жылы Парижде өтө турган олимпиадага аз гана убакыт калды. Анткени мындай ири масштабдагы олуттуу оюндарга эки жарым жылдык убакыт өтө аз деп саналат. Спортчулар бул аралыкта эл аралык мелдештерге катышып, жеңишке жетишиши керек, ар бир беттештен кийин моралдык, физикалык жактан калыбына келүү процесси да узак болот. Андыктан учурдагы ар бир күн маанилүү.


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер