Акыркы кабарлар
» Коом » Түркмөнстанда коронавирус тууралуу сүйлөшкөн адамдар камалууда
Түркмөнстанда коронавирус тууралуу сүйлөшкөн адамдар камалууда
27-март, 18:12

Түркмөнстанда жарандарга коронавирус тууралуу сүйлөшүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
“Кармалган адамдарга кандай жаза колдонулат жана аларды эмне күтөт белгисиз. Мындай чараларды колдонуу менен бийлик эл ичиндеги ызы-чуунун чыкпашынын камылгасын көрүп жатат. Акыркы апта ичинде коронавирустун жайылып кетишин алдын алуу боюнча чаралар көрүлүп жатат”, - деп жазылат маалыматта.
Официалдуу маалыматтарга таянсак, азыркы тапта Түркмөнстанда коронавирус менен ооругандар каттала элек.