Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айылчы Сарыбаев: “Кризис экономикада эмес, адамдардын мээлеринде!”

Айылчы Сарыбаев: “Кризис экономикада эмес, адамдардын мээлеринде!”

11-февраль, 18:06
5 878 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыркы 10 жылда өлкө экономикасынын өнүгүшү 3,5-4 пайызды гана түзүптүр. Мындай төмөнкү көрсөткүчтүн себептери эмнеде?

-- Деги эле 1990-жылдан кийин экономикада жылыш болгон жок. Болгону тоо-кен өндүрүшүндө жана айыл чарбасында бир аз өсүү бар. Ар кандай математик, физиктер матрица-сатрица дешип, ИДПнын структурасын бузушуп, АКШнын «неолибералдык» багытын тандап алышкандан кийин экономика башкаруусуз калган. Экономиканы башкаруунун негизги жолу катары баардык мамлекеттик менчиктерди 100% приватташтыруу аркылуу талап-тоноо максаты болгон. Жыйынтыгы 1,5 миллиондон ашык мигранттар же чет өлкөлөргө кеткен жумушсуздар болду. Булар бүгүнкү күндө Кыргызстандын граждандары катары жумушсуздарга кирет. Бирок арызы жок болгондуктан, буларды биздин мамлекеттик статистика жумушсуздарга кошпойт. Бул коомчулукту алдоо дегендикке жатат. 

Негизи экономиканын көрсөткүчү инфляция (баалардын жогорулашы) жана жумушсуздуктун саны болот. Булар ИДПнын көлөмүнө кыйыр байланышта. Бизде ИДПнын көлөмү жасалма түрдө жогору көрсөтүлгөн менен жумушсуздуктун саны азайган жок. Жылына окууну бүткөн жаштарыбыздын саны өсүүдө. Аларды андан ары багууга шартсыз, ата-энелери жумушсуз же аябай жардылар. Окуюн десе ЖРТ окутпайт. Иштегенге жумуш жок. Ошондуктан криминалдык чөйрөнүн саны жылдан-жылга жашарып жана көбөйүүдө. Кыздарыбыз окуудан же жумуштан жок, эрге да чыга алышпайт. А милицияларыбыз эрдемсинишип, “сойкулар” деп түнү рейд кылышып, кемсинтишип, акчасын тоношот же өздөрү “крыша” болуп жатышат. Жанагы укук коргоочу сөрөйлөр зектердин укугун коюшуп, ушул байкуштардын кордукта калгандарына көңүл бурушса...

-- 2020-жылы ИДП 8,1%га төмөндөптүр. Бул КМШ мамлекеттеринин ичинен эң ылдыйкы көрсөткүч экен. Демек, буга пандемиядан башка дагы көп себептер болсо керек...

-- Биздин республика көп өлкөлөрдөн алда канча артта калган, коррупцияланган, криминалдашкан да. Жогоруда айткан ИДП өндүрүшкө багытталган эмес. Дээрлик импортко жана кызмат көрсөтүүгө багытталган. Ички жана тышкы карызсыз, мигранттар менен донорлордун акчасы жок жашай албай калганбыз. Албетте, буга оору апааты кошул-ташыл болду. Пандемияга келген акча каражаттарын да туура эмес пайдаландык. Демек, кризис экономикада эмес, адамдардын мээлеринде! 

-- ИДП көлөмүн жогорулатуу жолдору катары эмнелерди белгилейсиз?

-- ИДПнын көлөмүн жогорулатыш үчүн иштеш керек. Элибизди чет өлкөлөргө айдап жибергенге корстон болбой, жумуш таап берүү зарыл. “Ишкер эле ишкер” деп идиреги бар байлардын таламын талашпай, ишсиздердин, жалгыз бойлордун, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, жетим-жесирлердин укугун камсыздаган өлкө болушубуз керек.

-- Элдин жакырчылыктан чыгуусуна, аймактардын өнүгүүсү үчүн эмнелерге басым жасоо шарт?

-- Бизнес эле эмес, “иштейм” деген адамдардын баардыгына бирдей шарт түзүп, мыйзамдарды биринчи орунга коюу зарыл. Индивидуум менен региондордун эмес, жалпы мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюш керек. Мыйзам бузууларга жол бергендерди «Бирдиктүү кылмыштар жана жоруктар»  реестрине каттабай эле, кылмыш ишин козгоп, катуу жазалоо парз. Союз убагында «Мен сени эсептеп койдум» деген комедиялык мультфильм бар эле. Соростун балдары да элди шылдыӊдап, “каттайбыз” деп чыгышпадыбы? Биз даана ошол мультфильмдин кебетесин кийип турабыз. Каттап коюп, акчасын шыпырып алып, кайра актап коюп жатышпайбы. Ушундай вакханалияны токтотолу. “Ички-тышкы инвестор”, “ишкер” менен “ишкер эмес” деген түшүнүк болбош керек. Бул наадандыктын белгиси. Наадан болбош үчүн окуш керек. Сөзсүз эле Кембриджден же Сорбондон билим алуу кажет эмес. Россия, Казакстан окумуштуулары менен башкаруучулары «Болон системасы зыяндуу, билим системасын өлтүрүп атабыз» дешкен. Азыркы Европа өлкөлөрүнүн мисалына алаксыбай, эл башчылары, академиктери чыккан системаны эле оӊдоп-түздөп коюшуп, баардык балдардын окуусуна мүмкүнчүлүк бериш керек. Себеби, ЖРТ балдар-кыздарыбыздын конституциялык укугун бузган система. Консоттор жадагалса ушуну да түшүнбөй коюшту. “Болон эле Болон дегенибиздин аныгында, ал дагы эл аралык деӊгээлде коррупцияланган система. Постсоветтик өлкөлөрдүн билим байытуусун талкалап, наадандаштыруу үчүн атайын киргизилген саясат. Жыл сайын кайда кеткени белгисиз, билим системасына 50 млн. евронун тегерегинде грант келет. Аны биздин кылмышкерлер менен коррупционерлер бөлүп алышат. ЖРТга акча төлөө – жеткен акмакчылык. Мектептин аттестаттары даарат кагазына да жарабай калды. Мектепте жалаӊ 5 менен окуп келген мен үчүн бул аябай жат көрүнүш. Бул менин мугалимдеримди мазактоо катары түшүнөм.

-- Оор турмушту кантип артка калтыра алабыз? Жөнөкөй мисалдары барбы?

-- Эл өзү рынок шартында жанталашып аракет кылмайынча эч нерсе өзгөрбөйт. «Алма быш, оозума түш» же “мамлекет, мага бер” дебей, «мен өзүм жасай алам, оокат кыла алам» демейинче, эч кандай өнүгүү болбойт. Ошон үчүн «балам өз жанын өзү багып кетсе эле мени бакканы ошол» деген кыргыздын сөзү бекер айтылган эмес.

Ал эми жергиликтүү бийлик аӊырайып жогорку бийликти карабай, өз алдынча проблемаларды чечкенге үйрөнүшү керек.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер