Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Диплом чырынан улам БШК Рыскелди Момбековду жарыштан четтетти

Диплом чырынан улам БШК Рыскелди Момбековду жарыштан четтетти

25-ноябрь, 04:52
1 454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого "Социал-демократтар" партиясы менен катышып жаткан Рыскелди Момбековду жарыштан четтетти.

БШКнын жумушчу тобу талапкер дипломун мыйзамдуу жол менен алганын далилдей албаганына байланыштуу аны каттоодон чыгарууну сунуштады. Натыйжада БШКнын 10 мүчөсүнүн макулдугу менен Момбеков шайлоого катышуу укугунан ажыратылды.

Белгилей кетсек, УКМК БШКга Рыскелди Момбеков Кыргыз улуттук университетинде юриспруденция адистигин окуганы тууралуу дипломун мыйзамсыз алганын кабарлаганАл документтин негизинде Дипломатиялык академиядан эл аралык мамилелер адистигин сырттан окуп, экинчи дипломун алган.

Шайлоо мыйзамынын жаңы эрежесине ылайык, жогорку билими жок жарандар парламенттик шайлоого катыша албайт. Момбеков талапкер катары катталып жатканда Дипакадемиядан алган дипломун көрсөткөн. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер