Ата-энесине таарынган 14 жаштагы кыз үйдөн чыгып кетип, изделүүдө
Талас районунун Талды-Булак айылынын 14 жаштагы тургуну Сарайбекова Баян 15-декабрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатат.
Баян айылдагы мектепте 8-класста окуйт.
Апасы кызы Баян тууралуу буларды айтып берген:
«Кечээ күнү кечинде атасы тоодон келген. Кызым акыркы күндөрү жумуш кылбай, эч нерсеге көңүлү жок, колунан телефон түшпөй калган. Атасы жумуш кыл десе болбой койгон. Жини келгенинен атасы кызын эки жолу бетине чаап жиберген. Мен дагы кызымды урушуп бир чапкам. Эми ата-эне болгондон кийин урушасың да... «Атаң тоого кеткенче коңшунун үйүндө болуп тур» деп жеткирип келгем. Атасы тоого кеткенден кийин кызымды алып келип, төшөк салып эле жатып алганбыз. Таңкы саат 06:30 чамасында ойгонуп кеттим. Карасам кызым жок экен. Баламды ойготуп «эжеңди карачы» десем «апа, эжемдин бир унаага түшүп кеткенин көрүп калдым» деп келди. Сабакка кеткен экен деп мугалимдерге барсам мектепке дагы келбептир. Мындай болуп кетерин билгенде урушпай эле койсом болмок экен. Балким таарынып үйдөн чыгып кеттиби, белгисиз болуп жатат. Милицияга арыз жазып келдим», - деди алБаянды көргөн-билгендер болсо апасына 0706 302 663 номуру аркылуу кабарлап койсо болот.
Aryba.kg