Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арыктайм десеңиз, күн сайын бирден бадыраң жеңиз

Арыктайм десеңиз, күн сайын бирден бадыраң жеңиз

13-июнь, 11:59
708 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Күн сайын жаңы бадыраң жеп туруу арыктагысы келгендер үчүн миңдин бири. Анткени бул терс калориялуу жашылча организмди тазалап, тамак сиңирүү жолун нормалдаштырат. Мындай сунушту заманбап диетологдор берип жатышат деп билдирет РИА Новости.

Бадыраң 95 пайыз суудан жана беш пайыз буладан турат. Аларда майдын пайда болушуна жол бербеген tartronic кислотасы бар. Бир бадыраңды сиңирүү үчүн организм калория алгандын ордуна көбүрөөк калория сарптайт.

Диетологдор көптөгөн пайдалуу микроэлементтерди жана витаминдерди камтыган мөмө-жемиштерди кабыгы менен кошо жегенди сунуштайт, бул зат алмашууну жана майдын күйүп кетишин жакшыртат. Булар К, А, С витаминдери, В тобундагы бир аз витаминдер, ошондой эле минералдар – темир, калий, фосфор, жез жана магний.

Бадыраң ширесинде кандын курамын жакшыртуучу жана холестеринди кетирүүчү табигый кислота бар.

Бул жашылчаны кант диабети менен жабыркагандарга да сунушташат. Джадавпер университетинен (Индия) келген Пулок Мукерджинин айтымында, бадыраңдын минералдык курамы кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүүгө, кан тамырларды тазалоого жана организмдеги ашыкча майды кетирүүгө жардам берет.

Күнүнө жок дегенде бирден бадыраң жесеңиз, теринин жакшырышын, арыктоо жана шишиктин азайышын байкайсыз. Ичеги-карын кыймылын бир кыйла жакшыртуу үчүн күнүнө эки-үч бадыраң жешиңиз керек.

Мындан тышкары, бадыраң серотониндин пайда болушуна салым кошот. Ошондуктан, дарыгерлер аларды апатия, чарчоо, алтургай депрессия учурунда да диетаңызга кошууну сунушташат. Жаңы табигый бадыраңдарды үзгүлтүксүз колдонуу – сергектик жана энергия зарядын пайда кылат.

Адистер бадыраңдын теринин оңолушуна зор таасирин тийгизерин белгилешет. Аларды үзгүлтүксүз колдонуу менен теридеги ысыктар, кызаруу, кургактык жана кабырчыктар жоголот. Тери нымдалышып, ийкемдүү жана жылмакай болуп калат. Майда бырыштар жоголуп, бет тону тегизделет.

Бадыраңдагы калий шишик менен күрөшүүгө, кан басымын турукташтырууга жана жүрөктүн кагышын нормалдаштырууга жардам берет. Фисетиндер бадыраңдын кабыгында болот. Бул заттар эстутумду жакшыртып, альцгеймер оорусуна чалдыгуу коркунучун төмөндөт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер