Сени түшүмдөн сүйүп калып, эми өңүмдөн издей баштадым...
(Айпери Медет кызына!)
Быйылкы жыл биздин балбан кыздарыбыз үчүн абдан ийгиликтүү болду. Бир кездери Айпери Медет кызына жан тарткан күйөрман элем, мелдештерине калбай барчумун. Акыркы мезгилде түшкө көп кирчү болду. Бир жолкусунда Францияга чогуу барыптырбыз, атактуу Эйфел мунарасынын жанында кучакташып селфи кылып, анан сен: “Мына, олимпиада чемпиону болдум. Эми сен мага тийишпе. Биздин буга чейинки мамилебиз жакын тааныш бойдон кала берет. Мен кийинки Лос-Анжелес олимпиадасына даярданам” дедиң. Чочуп ойгондум. Көз алдымда бою бийик, баардык мүчөсү төп келген, Айпери сулуу кыздын элеси келди. Андан бери эки ай өттү. Дагы түш көрдүм. “Өткөндөгү айткандарыма таарынган жоксуңбу?” деп машыгууга кийген спортивка салган сумкаңды мага берип, жок болуп кеттиң... Эми сени түшүмдө эмес, жашоомдо издейм, табам. Буюрса, мамилебиз, жылдызыбыз келишип калса... Жубайым болсоң э? Көкүрөгүңө башымды коюп уктасам...
Марлен, Бишкек
"Азия Ньюс" гезити