Экремдей лидерге кыргыздар да кызыгууда

Кыргыз коомчулугу кызык эле. Дүйнөнүн кайсы бурчу болбосун, андагы саясатка, согушка же кандайдыр бир толкундоолорго, айтор, түрдүү көрүнүштөргө аралашып, ой-пикирлерин жазышып, талаш-тартыш жаратууга, кызытууга, өз ара активдешүүгө азгырылышып, ашынып кетишет эмеспи. Бул саам да ушундай болууда. Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун камалышы, анын айынан Түркиядагы саясый кырдаал чыңалып, толкундоолор күчөп, эл менен полициянын кагылышы кызуу талкууланып, миңден ашуун жарандардын кармалышы, бирок көпчүлүк катмардын чегинбей жатышы да жөн жерден эместир. Дээрлик Түркиядагы жалпы абал жумурай журтка кызыгууларды жаратканы, Имамоглуну колдогондор күн санап арбып, Эрдогандан тажагандар көбөйгөнү эмнени билдирет? Алдыда президенттик шайлоого да жакындап калганы талданууда. Баардык нерсе элдин маанайына жараша өнүгөт. Эгерде көпчүлүк катуу каршылык көрсөтө берсе, Эрдогандан оомат тайганы ачыкталса, бийликке оппозициячыл лидер Имамоглунун келери калетсизби? Чукул арада көп нерсе ачыкталып калчудай. Эң башкысы, Экрем Имамоглудай лидерге дүйнөлүк коомчулук, анын ичинде кыргыздар да кызыгууда. Ага тагылган кылмыштар, айыптоолор суу кечпей, ансайын түрктөрдүн жаалдануусу күчөп кеткенине күбө болдук. Кыскасы, бир боор элибиздеги окуялардан биз дагы сабак алалы.
"Азия Ньюс" гезити