Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ибрагимди өлтүрткөн Султан Сулеймандын кайгысы, арманы жана эскерүүсү

Ибрагимди өлтүрткөн Султан Сулеймандын кайгысы, арманы жана эскерүүсү

24-август, 13:12
1 238 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


Тээ төбөдө алыста жылдыздар, тааныш жылдыздар жымыңдайт. Айлана тыптынч жана караңгы. Секичеге колумду сүйөп алып кайтадан, кайрадан баягы боздогон, жүрөк ыйлаткан обонду угуп турам. Бул сыздаган скрипканын дабышы. Бул дабыш мага гана угулуп турат. Жалгыз гана мага. Жакын адамдарымдан бир нече ирет сурадым. Кайдан-жайдан скрипканын дабышы угулгансыйбы?” деп. Алар баш чайкашат. Бул обон, скрипканын бул мукамы менин жандүйнөмө, жүрөгүмө батып кеткендей. Дене боюңа тикен сайылып, тереңдеп кирип кеткендей, бул обон дагы мага рухума кирип кеткендей... 

Скрипканын дабышы ар убак Ибрагимди эстетет. Бийлик сүйүүнү, достукту, баардык ыйык сезимдерди өлтүрөт экен. Бир гана жол төгүлгөн кан баарын аягына чыгарат. 

Хюррем менен Ибрагим экөө тең мен үчүн баалуу кымбат адамдар эле. Хюррем дайыма сулуу, куу жана акылдуу, өзүнө толугу менен ишенимдүү аялзаты. Мындай аялдан тажап кетүү мүмкүн эмес эле. Бирок, ал жөн гана бир аял эле. Мага Хюррем Ибрагимчелик жогорку эмес. Ал сүйүп алган жарым, менин балдарымдын энеси.

Ибрагимди дос, ини катары жакшы көрчүмүн. Ал таланттуу жоокер башчысы жана элчи эле. Бир каргашалуу түнү өз манжаларымды шылый чаптым. Кара кийимчен төрт аскер менин буйругум менен Ибрагимди муунтуп өлтүрүштү. 

Ачуу оору, зарлуу үн менен “Өкүмдарым” деген акыркы дабышы кулагымда калды. 

Хюррем жаңылдыбы, жаңылбадыбы – ал максатына жетти. Мен жаңылдым. Инимди, эң ишенимдүү адамымды өлтүрттүм. Мен жана менин карындашымдай берилип, аны эч ким сүйгөн жок. Анын мүнөзүндө керсейгендик менен мансапкордук бар эле. Ошол эки мүнөз аны өлтүртүүгө түрткү болду.

Экөөбүз каныбыз бир эмес, рухубуз жакын биртуугандар элек. Бир колдун манжаларындай элек. Эми Ибрагим жок. Жандүйнө жарасы болсо күчөгөндөн күчөп барат. Жанымдын жарымы азыр өлүктөй сезилет. Аны качандыр бир өзүм өлтүрткөм.

Капкараңгы асман менен жылдыздар мени алыстан карап турушат. Балким кайгымды тең бөлүшүп турушкандыр.

Жылдыздар айткылачы? Мен эмне кылышым керек? Жүрөгүмдү кантип тынчтандырам? Кетирген катам үчүн кандай жооп берем? Ибрагимди кантип, кайдан издеп табам? 

Жооп жок. Болбойт дагы!

Капкараңгы мейкиндикте бриллианттай өчүп-күйгөн жылдыздар жыбырайт. Ушунчалык кайгылуу обон мени өткөн күндөргө жетеледи. Ар бир түнү Ибрагим мага скрипка ойноп берет. Менин Ибрагимим. Өмүрүнүн акыркы ирмемине чейин ишенимдүү бойдон калган менин Ибрагимим...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер