Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Арапбаев, ЖК депутаты: “Ставка 500 доллардан эмес, 10 миң доллардан башталса...”

Азамат Арапбаев, ЖК депутаты: “Ставка 500 доллардан эмес, 10 миң доллардан башталса...”

30-январь, 23:48
266 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азамат Абдуллажанович, биздин ишкерлер Казакстандын чек арасындагы уюшкан топтордун чөнтөгү үчүн иштеп жатканын айттыңыз. Конкреттүү факты барбы?

-- Факт мындай: биздин ишкерлерибиз бул жерде өндүргөн товарын ЕАЭБ мамлекеттерине: Казакстанга, Россияга, Беларуска алпарабыз десе, чек арадан  мафиоздук топторго тушугат. Ал жерде бажы эмес, чек ара жана салык кызматы жүктүн категориясына карап өзүнчө ставка коюп алган. Сүт азыктарына өзүнчө, тез бузулчу азык-түлүк товарларына өзүнчө ставка бар. Атайын ортомчулар бар, ошолор чыгып, “мынча барсең өтөсүң” дегендей кулак кагыш кылат. Бергендер жакшынакай өтүп, бербегендер кыйналып тура  берет.  

-- Муну сиз келген арыздардын, кайрылуулардын негизинде айтып жатасыз да?

-- Ооба, ишкерлер кайрылып жатышат. Өзүңөр деле барып сураштырып  көргүлө. 500 же 5 миң доллар деп эч ким жазуу түрүндө талап кылбайт. Анын баары оозеки. Ошон үчүн эч ким арыздана да албайт. Арызданса Казакстандын аймагында анын  абалы мындан да жаман болушу мүмкүн. Ставка 500 доллардан эмес, 10 миң доллардан башталып калышы ыктымал... 

-- Биз ЕАЭБге кирген соң мындай көйгөйлөр автоматтык түрдө чечилиши керек эле. Эмне үчүн чечилбей жатат деп ойлойсуз?

-- Ошон үчүн биздин өкмөт маселени кырынан коюшу керек. Казакстанга, ЕАЭБ түзүмдөрүнө коюшу керек. Жүк кантип, канча мөөнөттө өтүшү керектиги, кандай документтер зарылдыгы  боюнча атайын эрежелер, тартип бар да. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
(Видео) Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын ичип, чеккени бузулганыбы?
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер