Рахат Аманова: “Элди ашыкча тыюулар менен дүрбөтпөй, каада-салтка кылдат мамиле жасайлы”

Ош шаарындагы “Лотос” балдар үйүнүн директору, жазуучу Рахат айым менен маек.
-- Азыр сөөк коюу, эстелик тургузуу, ырым-жырымдар боюнча чектөө койгон жаңы мыйзамдар чыгып жатат. Кандай пикирдесиз?
-- Жер жүзүндө жашаган миңдеген улут бар. Ар бир улут тилин, тарыхын, менталитетке ылайыкташкан дилин, түшүнүгүн, дүйнөнү кабылдоосун жана аң-сезимин сактап калуу үчүн күрөшүп келишкен. Улуттук өзгөчөлүгүн сактап калууда ар бир адам канына сиңип калган каада-салтына, наркына, ырым-жырымдарына да таянат жана ушуларды сактап калуу үчүн күрөшөт. Себеби каада-салт, нарк, ырым-жырым – ар бир улуттун башкалардан өзгөчөлүгүн тастыктап турчу эн белги.
Азыр сөөк коюуда ашыкча чыгымдарга тыюу салуу дегенде, “ырым-жырым, расымдардын кайсынысы ашыкча?” дегенди абдан тактап, анан тыюу салуу керек. Себеби, өлүк коюудагы каада-салтта улуттук эн белги (код) катылган. Тарыхый археологиялык изилдөөлөрдө так ушу маркумду узатуу, өлүк коюу ырым-жырымы менен кайсы сөөк кайсы элге таандык экени аныкталат. "Манас" эпосундагы Көкөтайдын ашы – кыргыздын маркумду байыркы кезден бери кандай узаткандыгын тастыктаган тарыхый факт. Ошон үчүн баарын мыйзам менен жыга чапканга болбойт.
-- Элдин кабылдоосуна жараша коюш керекпи?..
-- Маркумду узатууда төөбү, тоок соёбу, же такыр мал сойбой коёбу – ар кимдин өз эрки болууга тийиш. Анткени каада-салттагы ашыкча нерселер табигый жол менен өзү эле жоюлат. Мисалы, мүрзөлөрдү жөн эле жыгач менен бекитүү дегенди колдойм. Себеби, кыргыз атам замандан эле мүрзөнү жыгач тосмо менен тосуп, жылкынын жалын узун таякка илип койгон. Бизде, Алайда эски мүрзөлөр ушинтип эле турат. Кыргызстандын баардык аймагында эски мүрзөлөр жөнөкөй эле жыгач тосмо тосулуп турат. Анан үчилик, жетилик, кыркы дегендер ансыз деле табигый жол менен кыскарды. Башка жакта кандай экенин так билбейм, Алайда азыр маркумду койгондо согум союлат, үчилигинде бир кой союлат же аш демделет. Болду, ошону менен жылдыгы чыгат. Себеби, бала-бакыра, тууган-туушкандын баардыгы алыстан, узак жолдо келиш керек, кайра бат кетиш керек. Мындайча айтканда, реалдуу жашоо-шарт ашыкча нерселерди табигый жол менен кыскартып койду.
Ошон үчүн элди ашыкча тыюулар менен дүрбөтпөй, улуттук каада-салт дегенге кылдат мамиле жасоо зарыл.
"Азия Ньюс" гезити