Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

03-декабрь, 18:05
876 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы өткөн сандарда)

Ош шаары тууралуу уламыштар

Бир уламышта шаардын аты жер бетиндеги биринчи адам – Адам Атага таандык катары айтылат. Кудай ага дыйканчылык кылууну буюруп, бир жуп өгүз менен жыгач соко берип: «Өзүң жана тукумуң үчүн айдоо жерин белгиле» дейт. Адам өгүздөрдү жабдып, сокону алып, Меккеден жөөк тартып жөнөйт. Ал бир күн, бир жума, бир жыл жол жүрөт. Адам чындап эле айдоо үчүн көбүрөөк жер алгысы келген. Ал жөөктү түбөлүк ак карлуу чокуларга чейин тик, бийик тоолорго алып келди. Адам артын карап, айдоо үчүн жерлерди жетишерлик чийип алууну чечти, өгүздөр да чарчап калды. Ошондо Адам: "Уш!" деген сөздү айтат. Ал өгүздөрүн ушундай доошу менен бурууга, башкарууга ала баштайт... Мына ушул жерде Уш шаары пайда болгон, алгач адамдар Уш деп айтып жүрүшсө, кийин аны Ош дей башташат. 


Сулайман Тоо

СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Ленинград филиалындагы кол жазма жыйнагынан алынган «Ош шаары жөнүндөгү трактатта», шаарга суу берген Сулайман пайгамбар жөнүндө уламыш бар. Ош шаарынын тургундары Сулайман пайгамбарга кайрылышат: «Ош шаарында суу аз, биз бул кыйынчылыктан чыгуунун жолун көрбөй жатабыз» дешип. Чындыгында абал оор эле...

Сулайман олуя периштелерге: «Дарыянын жээгиндеги тоону алып, сууга жол ачкыла» деп буюрат. Периштелер Сулайман олуянын буйругун аткарышат, ошондон бери Ош шаарында суу жетиштүү.

Сулайман-Тоо – шаардагы негизги туристтик жай. Бул эң байыркы тарыхый эстелик эзелтен бери эле белгилүү. XVI кылымга чейин тоо Бара-Кух деп аталып, кийин Тахты-Сулейман (Саломон тактысы) катары да аты калган. 2009-жылдын июнь айында тоо Бүткүл Дүйнөлүк мурастардын тизмесине кирген өлкөдөгү биринчи эстелик болуп калды.

Тоо батыштан чыгышты карай созулуп жатат, анын куполго окшогон беш чокусу бар. Узундугу 1140 метрден ашык, туурасы 560 метр. Бүткүл тоо кыркалары ыйык Жупас-Арык жана Жаннат-Арык суу каналдары менен курчалган, аларда орто кылымдагы суу көтөрүүчү дөңгөлөктөр азыркыга чейин иштейт. Тоонун чыгыш этегиндеги болжол менен XI-XIV кылымдарда курулган орто кылымдарга таандык мончо бар.

Байыркы доорлордон бери бул тоо жергиликтүү мусулмандар үчүн эң ыйык жер, тагыраагы, экинчи Мекке болуп эсептелет. X-XI кылымдарда жана XX кылымдын башында Сулайман-Тоонун этегинде, анын боорлорунда, жада калса чокуларында мусулмандар тарабынан көптөгөн мазарлар, мечиттер тургузулган. Эзелтеден бери алганда, ыйык жерден Сулайман пайгамбар Кудайга жалынган, таштарда анын чекесинин жана тизесинин издери калган деп эсептелет.

Эл арасында Сулайман-Тоо – зыяратчылардын баардык дартын айыктыра турган күч-кубатка ээ касиеттери, уламыштары айтылып келет. Уламыш боюнча, тоодо аялдар Кудайдан балалуу болууну суранышат, ал эми тоонун чокусуна айтылуу «сыноо жолу» алып барса, алдаган же көз жазгырган зайып ал жактан өтө албасы айкынбы?


“Сулайман-Тоо” музей комплекси

Тоонун этегинде Кыргызстандагы эң чоң музейлердин бири – Сулайман-Тоо музей комплекси жайгашкан. Музей 1949-жылы түзүлгөнү маалым. Анда Кыргызстандын түштүк аймагынын тарыхына, археологиясына, искусствосуна жана жаратылышына таандык болгон 33 миңден ашык экспонаттар сакталган. Музейде топтолгон артефактар кандайдыр бир деңгээлде байыртадан бери Борбор Азияда жашап келген анимизм, шаманизм, алтургай дүйнөлүк диндерге чейинки көптөгөн диний культтар менен байланышкан маңызы бар. 


Руханий маданият музейи

Рушан тоосунун түштүк эңкейишинде өлкөдөгү жалгыз Руханий маданият музейи жайгашкан. Мында миңдеген жылдар мурун жазылган петроглифтер, ошондой эле көптөгөн зыяратчылар зыярат кылган 12 ыйык үңкүр бар. Байыркы заманда бул үңкүрлөрдө аскеттер (коомдон алыстаган адамдар) жашаган, курмандык чалынуучу жайлар жана мазарлар орун алган... 


Могол империясынын негиздөөчүсү – Мухаммад Захириддин Бабур

Ош шаары – улуу колбашчы, Индия менен Ооганстандын башкаруучусу, Могол империясынын негиздөөчүсү, Темирдин чөбөрөсү – Мухаммед Захириддин Бабурдун (1483-1530) мурасы болгон. Ал 1496-1497-жылдары Ошто жүргөндө бул тоону укмуштуу жерлердин бири катары сыпаттап, аны «бара-күх», «сулуу тоо» деп атаган. Анын схемасы боюнча чакан камера курулган, бүгүнкү күндө анын ордунда ак таштан салынган мечит жана архив булактарынан кайра жаралган «Бабурдун үйү» турат. Уламыштар боюнча ал тоодо эс алууну жакшы көрүп, поэзия жана илим үйрөнө баштаган... 


Ош базары

Ош шаары ар дайым базарлары менен белгилүү болуп келген. Узундугу бир чакырымга чейин жеткен, Ак-Буура дарыясынын сол жээгиндеги негизги базар чыгыш базарларынын классикалык үлгүсү катары саналат. Ал эки миң жылдан ашык убакыттан бери ары шаңдуу, кызыктуу жашоо мыйзамдарынын алкагында жашап келет. Бул жерге Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай жана Тажикстандын соодагерлери агылып келишип, нукура чыгыш тамак-аштарын, кийим-кечелерин, тиричилик буюмдарын жана жыпар жыттуу татымалдарды сатышат. Ошол эле учурда кол өнөрчүлөр бөлүгү, арзан сезондук мөмө-жемиштерге толуп турган тамак-аш күркөлөрү өзгөчө кызыгууну жаратат. Базардын жанында Кыргызстандагы эң чоң Шейд Тепа мечити жайгашкан.

Азыркы Ош Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын саясый, экономикалык жана маданий турмушунда маанилүү орунду ээлейт. Бул жакка дүйнөнүн баардык булуң-бурчунан келген туристтердин, окумуштуулардын кызыгуусу зор.

Бүткүл Фергана өрөөнүнүн өнүгүшү, гүлдөшү үчүн Ош шаарынын келечеги, негизги потенциалы эбегейсиз мааниге ээ деп эсептейм...


Өзгөн шаары

Ош облусунун эң байыркы шаарларынын бири Өзгөндүн 2000 жылдан ашуун тарыхы бар. Ал Фергана өрөөнүнөн Кашкарга бара жаткан жолдо биздин доорго чейин II-I кылымдарда соода аймагы катары пайда болгон. XII кылымда Караханиддер мамлекетинин экинчи борбору катары да белгилүү.

Анын эстеликтери уникалдуу тарыхый жана маданий мурас болуп саналат. XII кылымдын башында курулган бийиктиги 44 метрлик мунара сакталып калган, анын жанында мечит, күмбөздөр бар. Түндүктөгү күмбөз 1152-жылы, түштүктөгүсү 1187-жылы курулганы маалым. Төрт бурчтуу формадагы эски, орточо күмбөз X-XI кылымдарда салынган. Үч күмбөздүн тең фасаддары түштүк-батышты карап, бир аянтты түзөт. Ал Кара-Дарыя менен аяктап, түштүк-батышта XIII-XIV кылымдардагы байыркы некрополго таандык...

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Түндүк күмбөзгө Султан Санжар-Мази (Чыңгызхандын экинчи уулу Жагатайдын тукуму) же Султан Илчи-Мази (Бабурдун бек шериктеринин тукуму) коюлган. Ортодогу күмбөздө Султандын апасы жатышы мүмкүн, бирок башка да версия бар. Балким, байыркы мазарларга легендарлуу Кылыч-Бурхан хан атасы, апасы менен коюлгандыр. Эл Кылыч-Бурхан ханды «Өзгөндүн Гераклы» деп атап, ал бактысыз өлкөнүн жаш кыздары менен балдарын жеп жүргөн ажыдаардан куткарганы тууралуу уламыштарды жаратышкан.  


(Уландысы кийинки санда)   
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер