Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Атамбаевдин реванш алууга аракет кылуусу күтүлгөн нерсе”

Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Атамбаевдин реванш алууга аракет кылуусу күтүлгөн нерсе”

22-ноябрь, 20:21
1 001 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийликке карата айыптоо-кайрылуулары коомчулукта чоң талкууларды жаратууда. Бул күрөштүн аягы эмне менен аякташы мүмкүн?

-- Атамбаевге, анын президенттик доорундагы иштерине доомат арыздарды айта берсек, сөз бүтпөйт. Сөз эркиндигине чабуул жасаган, жакпаган саясатчыларды каматкан. Бирок, ал президент болгон чакта мурункуларга караганда балдарын саясатка аралаштырган жок. Эң негизгиси, өз бийлигин конституциялык негизде мураскерине тапшырып берди. Бийликти кармап калам десе колунан келмек. Азыркы бийликтин Укушов сыяктуу кошоматчы юристтери буга жол көрсөтүп бермек. Муну адилеттүүлүк үчүн айтып коюу биздин парз. Артка тегиз карап, болгон окуяларга кенен көз чаптырсак, 69 жаштагы Атамбаев нукура саясатчы, каршылаштын талуу жерин кармай алат. Анан коё бербейт. 

Азыр энергетикадагы кризис элдин көңүл чордонунда. Карапайым калкка свет, жылуулук тартыш болууда. Атамбаев ыңгайдан пайдаланып, чокко май тамызып жатат. Атамбаевди буга чейин жек көргөндөр да ага каршы сөз айтуудан тартынууда, анткени өздөрү унчукпайт. Кыргызстанда бийликке олуттуу, ачуу сындарды айткан саясатчылар жокко эсе, эрөөлгө чыкчу саясый талаа бош. Мындай шартта Атамбаевдин реванш алууга аракет кылуусу күтүлгөн нерсе. Күрөш эмне менен бүтөрү бүдөмүк. Анткени эми дагы кайсы кризис чыгып кетерин болжолдош кыйын.  

-- Бийлик Атамбаевди кармап келүү чарасын көрүшү ыктымалбы? 

-- Атамбаевдин жазгандарын окутпаш үчүн, ага Болот Темиров, КЛООП сыяктуу “экстремист” деген соттун чечими чыгышы мүмкүн. Бирок интернет, ааламдашуу заманда бул чара иштебейт. Ким кааласа Атамбаевдин ачуу кептерин таап окуй алат. Элдин бүйүрүн ого бетер кызытат го дейм. Экстрадиция кылуу да кыйын, анткени Атамбаев Куренов же Имашов эмес да, өзүн карматып бергендей. 

-- Жакында Садыр Жапаров төңкөрүш кылууга ашыккан күчтөр бар экенин айтып, андай аракеттер ишке ашпасын баса белгиледи. Чын эле бийликке каршылык көрсөткөндөр тымызын иштеп атышабы?   

-- Атамбаевден тышкары азыркы учурда бийликтен өч алайын деген күчтүү топтор жетиштүү: бизнесинен айрылган олигархтар, криминалдар ж.б. Алар бул жолу легитимдүү шайлоо аркылуу бийликке келүү эмес, шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо аркылуу ызы-чуу аракетин көрүшү мүмкүн. Ошого ставка жасалат го дейм. Анан дагы азыркы шайлоо системасы буга түртүп жаткандай. Анткени ар бир округда утуп, ыраазы болгон үч талапкер, анан ага нааразы болгон, жеңишке жетпей калган он чакты талапкерлер болот да. Бул да бейстабилдүүлүкө жол ачып коюшу мүмкүн. Эми муну бийликтегилер алдын ала ойлонду деп үмүт кылгандан башка аргабыз жок.

-- Соңку убакта соцтармактарда бийликке карата сын-пикир жазгандардын көбөйүп баратышы эмнени билдирет?   

-- Бул жакшы көрүнүш деп эсептейм. Анткени "ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт". Ачык сын айтуу менен коомдо болгон ооруларга бийликтин көңүлүн бурдурат, бийликтин элдин өкүлү, бир бөлүгү экенин тастыктайт. Ошону менен бейстабилдүлүүккө жол жабылат. Элдин бугу чыгып турушу керек. Эл саясатты талкуулоодон чочулап калгандан кийин, бүт нааразычылыгын социалдык маселелерге буруп жатат. Акыркы мисал: кыргыз жана кытай жарандарынын мушташы, эттин кымбатташы боюнча талкуу кызуу жүрүп жатат. Бирок “саясый” эмес маселелерден деле чоң саясат, күтүлбөгөн нааразычылык чыгып кетиши толук ыктымал. Бул бийликке кулак кагыш.


Сурат Жылкычиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер