Акыркы кабарлар
» Саясат » “Унаага” коомчулук нааразыбы? Айдоочулук күбөлүк алуу татаалдашты
“Унаага” коомчулук нааразыбы? Айдоочулук күбөлүк алуу татаалдашты
17-декабрь, 22:07


Соңку убакта айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн “Унаа” мекемесине экзамен тапшырган жарандар кулап калып атышканы кызык. Бир эсе таңгалычтуу. Даярдана турган суроолор көп экен, бири-бирине окшош, кала берсе адаштырган сыңарындай. Автомектептерден окуп, машина айдаганды үйрөнүп, бирок экзаменге келгенде татаалдаштырган суроолорго жооп берүү кыйынчылык жаратууда. Бул боюнча көптөгөн нааразычылыктар айтылып келет. Натыйжада, “Унаа” мекемеси эң негизги гана суроолорду даярдап, ошого катар жөнөкөйлөштүрүү менен экзамен алууга шарт түзүшү абзел. А болбосо татаалдашкан системадан ар кандай ыкмаларга, балким коррупцияга жол салынып кетпейби? Ириде суроо салып, коңгуроо кагып коюуну эп көрдүк.











