Маркум Элмирбек Иманалиевди эскерип, концерт өтөт

Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын, жазма акын, обончу, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата 17-январда маркумдун шакирттери эскерүү кечесин өткөрөт. Бул тууралуу Элмирбек Иманалиевдин шакирти, «Айтыш» коомдук фондунун төрөгасы Асылбек Маратов жергиликтүү маалымат булактарына билдирди.
Маалыматка ылайык, чоң программадагы концерттик иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда саат 18:00дө башталат.
«Устатыбыз өзү түптөп кеткен «Төкмө келсе төр бошот» долбоорундагы шакирттери биригип, агайыбыздын туулган күнүнө карата эскерүү кылганы жатабыз. Концертке белгилүү ырчылар, акындар жана жакындары катышат. Байге коюлбайт, болгону агайдын ырлары ырдалып, көркөм окулат. Ал эми төкмө акындар Элмирбек Иманалиевди эскерип ырдайбыз» деди Асылбек Маратов.