Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда 10-14 күн аралыгында коронавирус илдетинин темпи азаят
Кыргызстанда 10-14 күн аралыгында коронавирус илдетинин темпи азаят
12-июль, 17:44
1 953 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» түз эфиринде айтты.
COVID-19 оорусунун жогорку чеги июнь-июлга туура келери божомолдогон. Азыр темп жогорку чекке жетти.
Министрдин айтымында, учурда коронавирус менен ооругандар үчүн 2443 бош орун бар, анын ичинен 340 орун Бишкекте. Дары-дармек, медициналык кызматкерлер жетиштүү. Ар күнү түндө 250-300 орун даярдалууда.
Кыргызстанда 12-июлга карата COVID-19 илдетинен көз жумгандардын жалпы саны 2113кө жетти. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 140 миң 978 адам вирус жугузуп алды. Жалпы сакайгандардын саны 118 миң 771 адам. Учурда 4694 бейтап ооруканада, 14 миң 420 киши үй шартында дарыланууда.