Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнөлүк банк: экономикада өсүш күтүлүп жатат

Дүйнөлүк банк: экономикада өсүш күтүлүп жатат

10-июнь, 15:18
1 222 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Быйыл глобалдык экономика 5,6% өсөт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу 8-июнда Дүйнөлүк банк билдирди. Жаңы прогноз финансылык институт январда чыгарган болжолдуу санактан 1,5% жогору. Бул – дүйнөлүк экономиканын рецессиядан чыгуусунун эң кубаттуу көрсөткүчү.

Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу соода, ишкердик токтоп, эл үйдө отуруп калганда глобалдык экономика төмөндөп кеткен.

Дүйнөлүк банктын божомолунда, эми АКШнын экономикасы 6,8% өсөт. Январда бул сан 3,5% деп көргөзүлгөн. Кытайдын экономикасын 8,5% өсүш күтүүдө. Бирдиктүү валютаны колдонгон европалык өлкөлөрдө экономика 4,2% жогорулайт.

Банктын отчетунда алдыңкы экономикалардын 90% пандемияга чейинки деңгээлге эмки жылы кайтары болжолдонгон. Ал эми өнүгүп келаткан өлкөлөрдө бул көрсөткүч абдан төмөн. Маалыматка караганда, ал өлкөлөрдө COVID-19 илдетинин учурлары көбөйүп, эмдөө жараянына тоскоолдуктар көп болууда, мамлекеттик колдоо программалары токтоп калган. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер