Акыркы кабарлар
» Саясат » “Nur Otan” партиясы жаңы түзүлүп, Дарига Назарбаева чыгарылды
“Nur Otan” партиясы жаңы түзүлүп, Дарига Назарбаева чыгарылды
01-февраль, 11:59

Казакстандын “Nur Otan” партиясынын саясый кеңеши алмашып, андан Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева чыгарылды. Бул тууралуу “Sputnik Казакстан” агенттиги жазды.
Ошондой эле жаңы курамга экс-премьер Аскар Мамин менен мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин кирбей калды.
Эске салсак, партиянын жетекчиси болуп 28-январь күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дайындалган. Ага чейин саясый бирикмени Елбасы Нурсултан Назарбаев жетектеп жүргөн.