Акыркы кабарлар
» Коом » Айгүл Текебаева: "Биринчи жолу куда күтүп, өзгөчө кубанычтабыз"
Айгүл Текебаева: "Биринчи жолу куда күтүп, өзгөчө кубанычтабыз"
03-ноябрь, 17:31
1 116 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев кызы Ай-Данек Текебаеваны турмушка узатканы буга чейин кабарланган. Бүгүн, 2-ноябрда Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева социалдык тармактагы баракчасына тун кызын турмушка узатканын айтып, бактылуу көз ирмем учурундагы сүрөттөр менен бөлүштү.
"Ата-эненин милдети – балдарды чоңойтуп, тарбиялап, андан соң аларды өз алдынча турмуш жолуна салуу. Тунубузду узатып, “кайната, кайнене” статусуна ээ болдук. Биринчи жолу куда-кудагый күтүп, өзгөчө кубанычта болдук, жакшылыгыбызга ортоктош болуп, кубанычыбызды бөлүшкөн, бизге каалоо-тилек арнаган баардык жакындарга, туугандарга, досторго терең ыраазычылык билдиребиз. Баарыңыздар кыз узатып, келин алыңыздар! Заманыбыз тынч болуп, ар дайым тойлор болсун!” деп жазды Текебаева.