Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Эсенгул: “Казакстан менен Россиянын ортосунда ит-мышык оюну уланат”

Чынара Эсенгул: “Казакстан менен Россиянын ортосунда ит-мышык оюну уланат”

30-июль, 12:00
657 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Казакстан менен Россиянын акыркы мамилесине, Токаевдин кадамдарына кандай пикирдесиз?

-- Россиянын Украина менен болгон конфликттерине чейин эле Казакстан өз кадамдарын жасап жаткан. 2014-жылы Россия Крымды тартып алгандан баштап эле ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаев Россия туура эмес кадамдарга барганын белгилеген. Бирок ошол эле кезде дүйнөлүк масштабдан карап келгенде, Россия менен Казакстандын ортосундагы чек ара эң узак чакырым катары аталат. Ошондуктан Казакстан абдан кооптонуп турат. Коңшу өлкө менен мамилесин буза албайт. Мамиле начарласа, өнүгүү болбойт. Өзгөчө географиялык жактан алсак, Россия өтө чоң мамлекет. Коопсуздук жагынан Россиянын согуштук күчү да бир топ эле кубаттуу. Албетте, экономикалык жактан потенциалы согуштан кийин өтө жакшы эмес. Ошонун баарын эске алуу менен Казакстан бир жагынан жакындап, экинчи өңүттөн алыстаган саясат жүргүзөт. Келечекте да ушундай эле формула менен калат деген ойдомун. Анткени өтө жакындаса Казакстан Украинадан кийин өзгөчө түндүк жагы Россия менен талаш-тартыш болуп кетип, Казакстан жерин жоготуп алабы (?) деген кооптонуу бар. Бирок өнүгүш үчүн тынчтык керек. Тынчтык болуш үчүн коңшу мамлекеттер менен ынтымакта жашашы шарт. Ошондуктан Казакстан Россиядан көп алыстабайт. 

Айла жок ит-мышык оюну уланат. Кандайдыр бир позицияны тандап туруп, так айтышы керек болчу. Токаев мырза өтө тажрыйбалуу, көп жылдан бери дипломатияда иштеп келген саясатчы. Президент болгондо ушундай маанилүү стратегиялык чечимдерди кабыл алуусун түшүнүп, тагыраак позициясын билдиргенге эртерээк болуп турат. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер