Кеңешбай Тайлаков: “Министрлер кабинети чечкиндүү кадамдарга барганы үчүн баалар арзан болуп турат”

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы менен маек.
-- Кеңешбай Доскулович, доллардын бааасы бир ай мурдагы калыбына кайра түштү. Бирок, баалар эмнегедир арзандабай жатат, мунун себеби эмнеде?
-- Доллар бүгүн 86 сом болуп атканы менен баа бир эле күндө өзгөрө коюшу кыйын. Мисалы, бензин рыногунда биздин ишкерлерибиз доллар 105 сомго чейин чыгып кеткен учурда келишимдерди түзүшкөн. Акчалар которулган. Эми ал товар келгенде ошол жаңы баа менен келет да. Өсүмдүк майы Россияда дагы 20 пайызга чейин жогорулады. Биз бүгүн бензинди төмөнкү баада, 64 сомдон кармап турабыз. Ал эми өздүк наркы 75 сомго чейин. Кошуна Тажикстанды карагыла, 100 сом, Өзбекстанда 90 сом. Казакстанда да баа көтөрүлдү. Бизде министрлер кабинети чечкиндүү кадамдарга барганы үчүн баалар арзан болуп турат. Бүгүн биз Кайыңды кант заводу, соода түйүндөрү менен иш жүргүзүп, кумшекерди 80 сомдун тегерегине, ири маркеттерде 60 сомго түшүрдүк. Кошуна өлкөлөрдөй 200 сомго чыккан жок. Аны эмне үчүн айтпайсыздар? Мындан ары дагы арзандайт, биз тийешелүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү биринчи маселебиз көлөмдү камсыздоо. Көлөм жетиштүү болсо, баа туруктуу болот.
-- Баалардын төмөндөөсүнө матрезервден 1000 тонна кумшекер менен 500 миң литр өсүмдүк майынын сатыкка чыгарылышы да таасир эттиби?
-- Анын баасын биз белгилеп бергенбиз. Анан калгандары боюнча өздөрү иш алпарат. Бул жалпы аймакты камтыбаса да негизинен жакшы иш-чара болду. Ал деле таасирин берди. Министрлер кабинети да бир топ чечимдерге барды. НДС салыгын алды. Ошолордун таасири астында өзгөрүүлөр болууда. Бүгүнкү күндө биз ири маркеттерге, ошол эле Кайынды кант заводуна рынок механизми аркылуу таасир берип, ылдыйлатып жатабыз. “Мыктын, самындын баасын эмнеге жөнгө салбайсыңар?” деген кайрылуулар да бар. Бирок, биз аларга кийлигише албайбыз, биз монополист команияларга гана таасир этебиз.
-- Баалар мындан ары кандай болорун божомолдосо болобу?
-- Доллардын курсунун 86-87 сомго түшкөнү жакшы кадам. Эгер ушул калыпта турса, биз тийиштүү иштерди жүргүзүп, бааны туруктуу кармайбыз.
"Азия Ньюс" гезити