Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Чүйлүктөргө чай берип, иш-чараларды уюштурабыз” деген шылуундар тыйылабы?

“Чүйлүктөргө чай берип, иш-чараларды уюштурабыз” деген шылуундар тыйылабы?

07-сентябрь, 21:31
1 550 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бакиев, Атамбаев жана Жээнбеков президент болуп турганда, элдин атын жамынуу менен көз будамайлаган жорук жолго салынып калган. “Чүйлүктөр бийликке нааразы, алдын ала сүйлөшөлү, акча бөлүш керек” деген сыяктуу сөздөр дайыма айтылып, президенттик аппаратка чейин чыгышып, айрым министрлер, бизнесмендер аркылуу миллиондор бөлүнүп турчу. Бул каражаттар кайда кетчү? “Чүйлүктөрдү жооткотобуз, алдайбыз” таризинде ресторанга чай уюштурууга, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, улак тарттырууга жумшалчу. Чындыгында “уюштургуч” шылуундар көп акчаны сол чөнтөккө солошуп, афералык жолдо акча жасап келишкени жалганбы? Мына ушундай алдамчылык соңку убакта да уланып, айрым депутаттар, жергиликтүү жетекчилер менен баягы эле шумпайлар арасында “көркүнө” чыгууда. Бийликтин жогорку бутагында отургандар дал ушундай калпыстыктарды тыйышы керек. Береги “ачкүсөндөр” капчыктарын кампайтуу үчүн атайын элди бушайманга салышып, өздөрү провокация жасоо аркылуу байыгылары келишет. Азырынча элибиз тынч эле жашап жатат. Болгону ортодогу козуткучтар бир жагы бийликке жагынууга ашыгышып, түрдүү жомокторду айтышып, тескери иштерге батынышууда. Демек, бул жааттан кылдат анализ кылуу менен кошоматчыларды сүрүп салуу зарыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер